«Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XIII эл аралык конференция өтүүдө

Anasayfa Haberler

«Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XIII эл аралык конференция өтүүдө

Image

28-ноябрда ОшМУда «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XIII эл аралык студенттик илимий конференция өтүп жатат. Илимий жыйынга Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан 400дөн ашуун студент, магистрант, 100дөн ашуун илимий жетекчи, окумуштуу жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын ачылышында ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Дилмурат Турсунов сөз сүйлөп, жаштар илимин өнүктүрүүдө эл аралык аянтчалардын маанисине токтолду. Ал конференциянын эл аралык деңгээлде өтүп жатканы кубандырарын белгилеп, студенттик илим келечектеги илимий өнүгүүнүн башаты экенин айтты. Ошондой эле студенттик жылдарда жаңы идеялар, тайманбас гипотезалар жаралып, келечектеги ири илимий ачылыштарга жол ачыларын белгилеп, бүгүнкү студенттердин арасынан көрүнүктүү окумуштуулар чыгарына ишеним билдирди.

Иш-чаранын уюштуруучусу, ОшМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси, доцент Гүлжамал Анарбаева бул илимий иш-чара 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатканын белгиледи.

«Жаш илимпоздор үчүн уюштурулган бул иш-чараны 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүп келебиз. Бул жылы конференцияны 13-ирет эл аралык деңгээлде уюштуруп жатабыз. ОшМУ студенттердин жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана илимий иштерди практикага колдонуу боюнча жалпы аянтчага айланды», – деди ал.

Күндүн экинчи жарымындагы программада студенттер жана магистранттар илимий баяндамаларын жасашат. Жаш изилдөөчүлөрдүн эмгектери илимдин ар кыл багыттары боюнча секцияларда талкууланат. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты баяндамачылар дипломдор, ал эми катышуучулар сертификаттар менен сыйланышат.

fotoğraf Galerisi