Кимия Торогелдиева сүрөтчүлөрдүн сынагында жеңишке жетти

Anasayfa Haberler

Кимия Торогелдиева сүрөтчүлөрдүн сынагында жеңишке жетти

Image

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган республикалык көргөзмө-сынакта ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун улук окутуучусу Кимия Торогелдиева үчүнчү орунду алды.

Сыйлоо аземи 20-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм-сүрөт музейинде өттү. Торогелдиевага декоративдик-прикладдык искусство боюнча жасаган “Узак жол”  эмгеги үчүн 150 миң сом тапшырылды.

Иш чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Сүрөтчүлөр союзу уюштурган. Сынакка  көркөм сүрөт искусствосу, скульптура, графика, декоративдик-прикладдык искусство багыттары боюнча 232 эмгек келип түшкөн.

 

fotoğraf Galerisi