Филология жана маданият аралык коммуникация институту

Üniversite Yapı Enstitülar Филология жана маданият аралык коммуникация институту

Филология жана маданият аралык коммуникация институту

Адрес Ош шаары, А.Масалиев көчөсү 91А
Телефон +996776159328
Факс
Веб-сайт https://fwlc.oshsu.kg/
E-mail toktorbaevashaiyr.20@gmail.com

ИНСТИТУТТУН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

2024-жылдын 20-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин № 9 отурумундагы 4.1. ар түрдүү өндүрүштүк «ОшМУнун окуу түзүмдөрүнүн базасында институттарды түзүү зарылчылыгын талдоо, факультеттердин, билим берүү институттарынын, жогорку мектептердин, колледждердин деңгээлинде оптимизациялоо жүргүзүү жана негиздеме иштеп чыгуу боюнча» каралып,маселе боюнча ректордун № 1287-ФХД/24 2014-жылдын 19-мартындагы буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун 2024-жылдын 19-июнундагы отурумунун № 4 протоколдук чечими менен «Кыргыз филологиясы жана журналистика» (журналистика кафедрасынан тышкары башка кафедралары менен), «Орус филологиясы», «Дүйнөлүк тилдер жана маданият» факультеттерин кошуу менен «Филология жана маданият аралык коммуникация институту» түзүлгөн.

ОшМУнун ректору К.Г. Кожобековдун 2024-жылдын 11-сентябрдагы №4146-ФХД/24 буйругу менен Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору болуп педагогика илимдеринин кандидаты Шаимкулов Олжобай Акматович дайындалган.

 АДИСТИКТЕР        

Адистиктердин аталыштары

Окуу мөөнөтү

Окуу формасы

Контракттын суммасы

Чет өлкөлүктөр үчүн контракттын суммасы

БАКАЛАВРИАТ

1

Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили жана адабияты)

4 жыл

Күндүзгү

38500

61600

5 жыл

Сырттан

35000

56000

2

Филологиялык билим берүү (Орус тили жана адабияты)

4 жыл

Күндүзгү

38500

61600

5 жыл

Сырттан

35000

56000

3

Орус тили жана адабияты (кош дипломдуу программа)

4 жыл (2+2)

Күндүзгү

38500

61600

4

Лингвистика (котормо жана котормо таануу)

4 жыл

Күндүзгү

47500

76000

5

Филологиялык билим берүү (Англис тили)

4 жыл

Күндүзгү

50000

80000

6

Филологиялык билим берүү (Немец тили,корей тили,француз тили)

4 жыл

Күндүзгү

38500

61600

МАГИСТРАТУРА

1

Филологиялык билим берүү: Кыргыз тили жана адабияты

2 жыл

Күндүзгү

38500

61600

2

Филология:Кыргыз тили жана адабияты

2 жыл

Күндүзгү

38500

 

61600

3

Филологиялык билим берүү:Орус тили жана адабияты

2 жыл

Күндүзгү

38500

61600

4

Филология:Орус тили жана адабияты

2 жыл

Күндүзгү

38500

61600

5

Лингвистика

2 жыл

Күндүзгү

47500

61600

6

Филология:чет тили

2 жыл

Күндүзгү

47500

78000

7

Филологиялык билим берүү:чет тили

2 жыл

Күндүзгү

47500

78000

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Филология жана маданият аралык институтунда 2 китепкана,2 окуу залы бар. Китепканасында 260.000ге жакын, ал эми кыргыз тили, адабияты каанасында 7000 дей окуу-усулдук, көркөм философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Керектүү адабияттар менен бирге кесипке зарыл мезгилдүү басылмалар жазылган жана алардын тиркемелери сакталат. Ошондой эле студенттер башкы окуу корпусундагы жана областтык, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ.

Мындан сырткары жыйырма студентке ылайыкташкан 5 компьютердик класс,1 лингофондуу каана,2 заманбап жыйындар залы иштейт.

ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ БАГЫТЫ

Филология жана маданият аралык коммуникация институту 15 кафедрадан сырткары   АКШнын жана Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиликтери, «Темпус», «Акселс», «ДААД» сыяктуу эл аралык уюмдар менен активдүү иш алып барып, ар кандай семинар, конференцияларды уюштуруп келүүдө. Азыркы мезгилде институт 50дөн ашык чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышып, ар кандай эл аралык программаларга катышып келет. Илимий-изилдөө багыттарынын алкагында институттун профессордук-окутуучулук курамы, докторанттар, изденүүчүлөр, аспиранттар, магистранттар жана студенттер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп келишет.

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда 4 илимдин доктору-профессор, 37 илимдин кандидаты- доценттер, 58 улук окутуучу жана окутуучулар, көмөкчү персоналдар эмгектенишет.

 ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫН КВАЛИФИКАЦИЯЛАРЫН ЖОГОРУЛАТУУЛАРЫ

Филилогия жана маданият аралык коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан Казакстан, Түркия, Россия, Кытай, Корея, Япония,  Индонезия, Малайзия, Сингапур, Америка, Улуу Британия, Ирландия, Нидерландия, Польша, Германия, Франция, Бельгия, Италия, Испания, Венгрия,  ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Филилогия жана маданият аралык коммуникация институтунда студенттер менен магистранттар академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекстан, Казакстан, Түрция, Россия ж.б. мамлекеттерден окуп келишүүдө.