Жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер боюнча республикалык көчмө семинар 9-апрелде Ош мамлекеттик университетинде өттү.
Семинар 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында өткөрүлүп, окуу китептерин адаптациялоо, экспертизадан өткөрүү жана санарип форматта колдонуу маселелерине арналды. Анда катышуучулар жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмуну, түзүлүшү, аларды сабакта натыйжалуу колдонуу ыкмалары менен таанышышты. Ошондой эле санариптик чечимдерди, онлайн платформаларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Иш-чараны Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү уюштуруп, Ош облусундагы мектеп мугалимдери, райондук усулчулар жана ОшМУнун окутуучулары катышты. Семинардын алкагында “Математика” жана “Табигый илимдер” багытындагы жаңы окуу материалдарын колдонуу, окуу китептерин экспертизадан өткөрүүнүн талаптары, сапаттуу окуу-методикалык комплекстерди түзүү жолдору каралды. Мындан тышкары практикалык бөлүмдө катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, заманбап билим берүү процессине ылайык жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү.