ОшМУда медкызматкерлердин билими оюн форматында бааланат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда медкызматкерлердин билими оюн форматында бааланат

Image

Ош мамлекеттик университетинде медицина кызматкерлеринин кесиптик билимин заманбап жана интерактивдүү ыкма менен баалоого багытталган жаңы долбоор ишке ашырылат.

"Медиктердин кесиптик билим деңгээлин баалоо үчүн "Өздүк оюн" форматындагы интеллектуалдык викторина" деп аталган долбоор Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Семетей Амиралиев тарабынан даярдалып,"Медицинадагы симуляциялык окутуунун россиялык коому (Росомед)" жарыялаган гранттык сынакта жеңүүчү болду.

"Өздүк оюн"  форматындагы интеллектуалдык викторинага негизделген долбоор медицина адистеринин билимин кызыктуу жана эффективдүү баалоого багытталган. Бул ыкма дарыгерлердин теориялык билимин гана эмес, логикалык ой жүгүртүүсүн, ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн да өнүктүрөт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов, факультеттин өкүлдөрү жана ОшМУнун IT академиясынын адистери кирди. 9-апрелде жумушчу топтун алгачкы жыйыны өтүп, анда долбоордун календардык планы, бюджеттик бөлүштүрүү, алдыдагы иш-чаралар талкууланды.

Семетей Амиралиевдин билдиришинче, бул демилге медицина тармагында окутуунун жаңы, инновациялык ыкмаларын киргизүүгө жана адистердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.


 

Фото галерея