ОшМУнун окутуучулары жаңы “Кыргыз тили” окуу китептерин жазууга тандалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жаңы “Кыргыз тили” окуу китептерин жазууга тандалды

Image

Агартуу министрлиги уюштурган жаңы муундагы “Кыргыз тили” окуу китептерин жазууга авторлорду тандоо боюнча республикалык сынактын жыйынтыгы чыкты. Анын негизинде Ош мамлекеттик университетинин эки окутуучусу авторлордун катарына кирди.

Атап айтканда, кыргыз тилин эне тил катары окутуу үчүн китептерди жазууга Асылкан Маматова жана Зарина Абдышева тандалып алынды. 

Сынак өлкөдө билим берүү системасын жаңылоо жана 12 жылдык окутууга өтүү алкагында өткөрүлдү. Жыйынтыгында эне тил боюнча 13, ал эми экинчи тил боюнча тогуз автор тандалды. Талапкерлердин эмгектерин илимпоздор жана тажрыйбалуу мугалимдерден турган калыстар тобу баалап, алардын кесиптик деңгээли, методикалык даярдыгы жана жаңы билим берүү мазмунуна шайкештиги эске алынды.

Буга чейин өткөн сынакта автордук курам толук түзүлбөй калгандыктан кошумча сынак жарыяланып, жаңы авторлор тандалды. Учурда министрлик кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча жаңы улуттук окуу китептерин иштеп чыгуу багытында иштерди улантууда.

Фото галерея