ОшМУда Түркиядан келген 14 окутуучу бир жума бою тажрыйба бөлүшөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Түркиядан келген 14 окутуучу бир жума бою тажрыйба бөлүшөт

Image

20-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Түркиянын Балыкесир университетинен келген 14 окутуучу менен тажрыйба алмашуу иш-чарасы башталды. Алар 26-апрелге чейин болуп лекция окушат жана тажрыйба бөлүшөт. 

20-апрелде делегация университеттин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Анда биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү күчөтүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Делегациянын курамында теология, искусство, тарых, экономика, туризм жана кулинария багытындагы адистер бар. Алар студенттерге сабак өтүүдөн тышкары университеттин окуу имараттары, лабораториялык борборлору, медициналык жана ветеринардык клиникалары менен таанышат.

Бүгүн, 21-апрелде коноктор окуу жайдын башкы корпусунда өтө турган “Дүйнө элдеринин маданияты” фестивалына да катышат.

Балыкесир университетинин Теология факультетинин деканы Мехмет Өзкан мындай тажрыйба алмашуулар эки окуу жайдын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. Анын айтымында, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу эки тарап үчүн тең маанилүү.

 

Фото галерея