16–17-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун төрт доценти академиялык мобилдүүлүк программасы менен Өзбекстандын Кокон мамлекеттик университетинде болуп кайтышты.
Сапардын жүрүшүндө окутуучулар аталган окуу жайдын студенттерине конок лекцияларды окушту. Замирбек Бекмуратов «Аңгемелерди окутуу», Чинаркан Гапарова «Жогорку окуу жайларында көп тилдүү билим берүү: көйгөйлөрү жана чечүү жолдору», Малохат Мадумарова «Башталгыч класстарда адабий окуу сабактарында окуу көндүмдөрүн калыптандыруу», Кызбурак Маданова «Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы балдар ырларынын жанрдык түрлөрү» деген темаларды камтыды.
Мындан тышкары делегация университеттин окуу-усулдук иштери, билим берүү процесси, илимий багыттары менен жакындан таанышты. Педагогика факультетинде өткөн жолугушууларга жана тегерек столдорго катышып, заманбап окутуу методдору, инновациялык педагогикалык технологиялар, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жыйынтыгында эки университет кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашты. Мындай академиялык мобилдүүлүк программалары тажрыйба алмашууну күчөтүп, аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берери белгиленди.