Окутуучулар, студенттер жазма кепти өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары боюнча билимин толукташты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар, студенттер жазма кепти өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары боюнча билимин толукташты

Image

23-апрелде ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунда Тамбов мамлекеттик университетинин доценти Татьяна Дьякова орус тили мугалимдери менен тажрыйба бөлүштү.

Ал В2 деңгээлинде жазма кепти кантип үйрөтүү керектигин айтып берди. Эссе, макала, пикир, расмий кат жана рецензия жазуунун эрежелерин түшүндүрдү. Ошондой эле студенттердин оюн так жазууга кантип үйрөтүү, жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу, В2 деңгээлиндеги типтүү каталарды оңдоо жолдору талкууланды.

Доцент текстти өзгөртүп жазуудан тартып, чыныгы макалага рецензия жазууга чейинки тапшырмалардын мисалдарын көрсөттү. Жазма кепте стилистикалык сабаттуулукту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жыйында окутуучулар мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө жардам берерин айтышты.

Жолугушуу факультеттер аралык практикалык орус тили кафедрасынын окутуучулары үчүн өттү. Аны доценттер Диларам Мадаминова жана Рахат Ормокеева уюштурушту.

 

Фото галерея