К.Жубанов атындагы Актөбе регионалдык университетинин доценти, ф.-м.и. кандидаты Айымгүл Ахметова «Орхун» академиялык мобилдүүлүк программасы менен 30-марттан 29-апрелге чейин ОшМУда илимий-педагогикалык тажрыйба алмашуудан өттү.
Стажировка Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун математика, информатика жана билим берүү менеджменти кафедрасында өттү. Аны кафедра башчы Аида Келдибекова уюштурду.
Айымгүл Ахметова институттун директору Бектур Азимов, кафедра башчылары менен жолугушту. Анда эки университеттин илимий-академиялык кызматташтыгы талкууланды. Ал бакалавриат жана магистратура студенттерине лекциялардын циклин окуп, окутуунун заманбап ыкмаларын тааныштырды.
Ошондой эле «ОшМУ — эл аралык диалог аянтчасы: жаштар арасында эмчек рагын алдын алуу боюнча польшалык тажрыйбаны киргизүү» аттуу эл аралык конференцияга катышты.