23-апрелде ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинде Өзбекстандын Фергана университетинин «Жаш драматургдар» тобу Насирилло Камиловдун «Тода» деген музыкалык спектаклин көрсөттү.
Спектакль наркоманияга каршы күрөш тууралуу. Анда жаштардын тагдыры, сүйүү жана көз карандылык маселеси чагылдырылды. Ошондой эле жаштар арасында «идеологиялык иммунитетти» калыптандыруу, ааламдашуу шартында терс көрүнүштөргө адабият, искусство аркылуу каршы туруу тууралуу айтылды. Спектаклден кийин талкуу болду.
Иш-чаранын соңунда спектаклдин режиссеру, Фергана университетинин улук окутуучусу Муяссархон Ачилдиевага коллеждин жамааты, студенттер ыраазычылык билдиришти.
Иш-чарага институттун директору Мирлан Манашов, Өзбекстандын Оштогу элчилигинин өкүлдөрү, коноктор катышты. Алар сөз сүйлөп, маданий кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти. Чыгармачылык жолугушууну А.Навои атындагы Өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору менен Индустриалдык-педагогикалык коллеждин педагогикалык-психологиялык дисциплиналар жана социалдык иштер боюнча окутуучулары чогуу уюштурушту.