Казакстан: ОшМУнун окутуучусу кризистик абалда кантип сүйлөшүүнү айтып берди

Башкы Жаңылыктар

Казакстан: ОшМУнун окутуучусу кризистик абалда кантип сүйлөшүүнү айтып берди

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучусу Мария Сүйүнбаева 13–26-апрель күндөрү Казакстандын Атырау мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы менен болуп келди.

Ал Орхун мугалимдер мобилдүүлүк программасынын алкагында барган. Мария Сүйүнбаева университеттин окуу процесси менен таанышып, тажрыйба алмашууга активдүү катышты. Ал Атырау университетинин студенттерине ачык сабак, мастер-класстарды өткөрдү. «Ой жүгүртүү жана сүйлөөнүн психофизиологиясы», «Кризистик абалдарда эмпатиялык коммуникация, интервенциялар» деген темаларды түшүндүрдү.

Мындан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын окутуучулары үчүн өткөн вебинарда сөз сүйлөдү. Ал жерде ОшМУнун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу системасы тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бул иш сапар эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө, окутуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө жардам берди.

Фото галерея