ОшМУда орус тили боюнча V эл аралык Державин олимпиадасынын финалдык этабы өттү. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды окуу жайдын студенттери жеңип алды.
Олимпиадага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Беларус жана Кытайдан 650 студент катышты. Биринчи этаптан кийин 75и финалга чыкты. Алардын 14ү ОшМУнун студенттери. Финалды бөлүк 24-апрелде ОшМУнун базасында өттү. Өлкөнүн ар тарабынан келген мыкты студенттер бул жерде күч сынашты.
Олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунду Элиза Алишерова Элиза (ОшМУ, даярдаган улук окутуучу Дамира Осмонкулова ), 2-орунду Мираида Маткаримова (ОшМУ, даярдаган доцент Рахат Ормокеева), 3-орунду Каныкей Джалолова (ОшМУ, даярдаган улук окутуучу Дамира Осмонкулова), Аяна Каимова (ОшМУ+ЕУУ, даярдаган доцент Диларам Мадаминова), Дурдона Мехманходжаевалар (ЖАМУ) ээлешти.
Олимпиада чет өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү, студенттердин тилге кызыгуусун арттыруу жана маданий байланышты күчөтүү үчүн өткөрүлдү. Иш-чарага Тамбов мамлекеттик университетинин өкүлдөрү да келди. Доцент Татьяна Дьякова студенттер, окутуучулар үчүн ачык лекция окуп, орус тилин чет тил катары үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын айтып берди.
Олимпиаданы ОшМУда өткөрүүдөгү демилгечи жана уюштуруучу орус тилин жана адабиятын окутуунун усулу кафедрасынын доценти Диларам Мадаминова. Эл аралык олимпиаданы өткөрүү боюнча курамда улук окутучу Джылдыз Тойчиева да бар.