ОшМУда киберкоопсуздук боюнча магистрдик программа ачылат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда киберкоопсуздук боюнча магистрдик программа ачылат

Image

Казакстандын Алматы шаарындагы Эл аралык маалыматтык технологиялар университетинде 31-марттан 2-апрелге чейин Erasmus+ программасынын Cyber4CA долбоорунун алкагында үч күндүк семинар өттү.

Иш-чарага Европа биримдигинин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү, министрликтердин кызматкерлери жана тармактык эксперттер катышты. Кыргызстан тараптан Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү – Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын башчысы Улукбек Эркебаев, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Бегай Манас кызы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Семинардын алгачкы күнүндө Европа биримдигиндеги жана өнөктөш өлкөлөрдөгү киберкоопсуздук боюнча билим берүү программалары, CyberLab лабораторияларынын моделдери, заманбап окутуу ыкмалары жана практикалык көнүгүүлөр талкууланды. Европалык өнөктөштөр – Мадрид политехникалык университети, Антверпен университети, Сант’Анна башкаруу мектеби жана Бухарест политехникалык университети киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларын сунушташты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар үч негизги багыт боюнча иш алып барышты.

  • окуу пландарынын мазмунун иштеп чыгуу;
  • киберлабораторияларды жана практикалык окутууну өнүктүрүү;
  • саясаттарды шайкеш келтирүү жана институционалдык колдоо.

Жумушчу топтор Европа тажрыйбасын Борбор Азиянын шарттарына ылайыкташтырып, жаңы магистрдик модулдарды иштеп чыгуу жана киберлабораториялардын инфраструктурасын түзүү боюнча сунуштарды даярдашты. Семинардын жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар аймактагы киберкоопсуздук боюнча билим берүүнү өнүктүрүүгө, заманбап лабораторияларды түзүүгө олуттуу салым кошору белгиленди.

2026–2027-окуу жылынан тарта Erasmus+ программасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде киберкоопсуздук боюнча магистрдик программа ачылып, студенттерди кабыл алуу башталат.



 

Фото галерея