ОшМУнун профессору Кытайда психология багытында стажировкадан өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору Кытайда психология багытында стажировкадан өттү

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасынын профессору Акчач Жолдошева 22–30-апрелде Жинань шаарындагы Shandong University окуу жайында иш тажрыйбасынан өттү.

Ал университеттин алдындагы психикалык ден соолукту чыңдоо борборунда “Психологияны изилдөөдө практикалык тажрыйбалар”деген программада иштеди. Жолдошеванын айтымында, Кытайда психология илимине өзгөчө көңүл бурулат. Бул өлкөдө психикалык ден соолук, сергек жашоо күнүмдүк жашоо адамдардын күнүмдүк адатына айланган. 

Профессор Кытайдагы тажрыйбасын Европа өлкөлөрү – Австрия, Бельгия, Франция, Нидерландия, Венгрия (Будапешт), Швейцария жана Германиядагы изилдөөлөрү менен салыштырды. Бул багыт чыгыш өлкөлөрүндө адамдын жашоо образы, жүрүм-туруму менен тыгыз байланышта өнүгүп жатканын айтты. Мындан тышкары Шаньдун провинциясында салттуу кытай медицинасы менен заманбап психологиялык технологиялар айкалышта колдонулуп жатканы өзгөчө көңүл бурарлык экенин белгиледи.

“Стажировка учурунда акыркы үлгүдөгү заманбап аппараттар менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Белгилүү болгондой, Кытай боюнча мындай аппараттар алтоо болсо, алардын бири дал ушул борбордо жайгашкан. Аталган аппарат адамдын баш мээсинин иштөөсүн изилдөөгө багытталган. Изилдөө процессинде медитациялык музыкалар этап-этабы менен берилип, адамдын кабыл алуусу, көңүл буруусу, сезими сыяктуу психологиялык процесстер менен мээ функцияларынын өз ара байланышы талданат”, –дейт Акчач Жолдошева.

 

Фото галерея