Студенттер Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерин эскеришти

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерин эскеришти

Image

29-апрелде Тарых-юридикалык институтунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

«Жеңиш жаңырыгы – эскерүү убакыттан күчтүү» аталышындагы иш-чарага аталган институттун, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун, ошондой эле кыргыз-кытай факультетинин студенттери катышты. 

Иш-чарада студенттер согуш жылдарындагы ырларды аткарып, эл башынан өткөргөн оор кезеңдерди, баатырдыкты жана кайраттуулукту чагылдырган чыгармаларды сунушташты. Мындан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун негизги окуялары, фронттогу жоокерлер, тылдагы эмгекчилер тууралуу баяндамалар жасалды.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара жаштардын тарыхый эс тутумун сактоо, жарандык аң-сезимин калыптандыруу, муундар ортосундагы байланышты бекемдөө максатында өттү. Эскерүү кечеси факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары тарабынан демилгеленди.

Фото галерея