ОшМУ менен Синьцзян медициналык университети кызматташтыкты кеңейтет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Синьцзян медициналык университети кызматташтыкты кеңейтет

Image

Ош мамлекеттик университети менен Кытайдын Синьцзян медициналык университети медицина тармагында кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнү сүйлөштү. Тараптар жакынкы убакта окуу жайдын жети кабаттуу жаңы клиникасында кыргыз-кытай медициналык борборун ачууну талкуулашты.

4-июлда окуу жайга аталган университеттин Экинчи аффилирленген ооруканасынын партиялык комитетинин катчысы Ми Юн, Нейрохирургиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык борборунун директору Сюй Цзинсюань баштаган делегация иш сапары менен келди.

Конокторду ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алды. Жолугушууга университеттин жетекчилиги жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышты. Тараптар буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнү, адистерди даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатууну, академиялык жана илимий алмашууларды кеңейтүүнү, илимий-инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.

Сүйлөшүүдөн кийин делегация университеттин медицина факультети менен клиникасына барып таанышты.

Фото галерея