Окутуучулар арасында өткөн спартакиадада кимдер жеңишке жетти?

Главная Новости

Окутуучулар арасында өткөн спартакиадада кимдер жеңишке жетти?

ОшМУда профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлердин арасында 32-спартакиада жыйынтыкталды. Ага 40 жашка чейинки жана 40тан жогоркулар арасында түзүлгөн институт, колледж, лицейлердин, структуралардын командалары катышты.  Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашты. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп мас-рестлинг түрү да кошулду. 

Мелдештер 29-ноябрда башталып, 25-декабрда жыйынтыкталды. Командалык эсеп боюнча орундар төмөндөгүдөй:

  • Индустриалдык-педагогикалык колледжи 1-орун;
  • STEM инновациялык колледжи 2-орун;
  • Экономика, бизнес жана менеджмент институту 3-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 25-декабрда болуп, ага окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, Кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров, профессордук-окутуучулук курам катышты. Жеңишке жеткен командалар жана мыкты оюнчулар окуу жайдын жана кесиптик бирликтин диплом, кубок жана акчалай сыйлыгы менен сыйланышты. Ректордун атынан «Эң активдүү сүрөөнчүлөр», “Эң мыкты параддык форма”, “Спартакидагнын каарманы”, “Спорттук тилектештик командасы”, “Спартакиданын мыкты спортчу айымы”, “Спартакиаданын мыкты спортчу мырзасы” номинациялары ыйгарылды. 

Профессордук-окутуучулук курамдын ден соолугун чыңдоо, дене тарбия жана спортту даңазалоо, жамааттын арасында достук мамилелерди, ынтымакты бекемдөөнү максат кылган спартакиада быйыл 32-жолу уюштурулду. Жалпы байге фонду 250 миң сомдон ашты. 

 

 

Фотогалерея