Канвон улуттук университетинин делегациясы ОшМУда болду

Главная Новости

Канвон улуттук университетинин делегациясы ОшМУда болду

Image

7-октябрда Канвон улуттук университетинин (KNU) делегациясы ОшМУга иш сапары менен келип, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда 2+2 биргелешкен билим берүү программасын ишке киргизүү, кош диплом берүү, KNUнун билим берүү программаларын ОшМУда ачуу, Канвон улуттук университетинин борборун түзүү маселелери каралды. Ошондой эле студенттер үчүн аталган окуу жайдын даярдоо бөлүмүн ачуу, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана илимий-билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Делегациянын курамында KNUнун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директору Юн Жи Ён, эл аралык иштер боюнча вице-президенти Ким Ик Хён, Глобалдык таланттар тармагы борборунун директору Ли Мин Хи болду.

ОшМУ тараптан тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Академиялык саясат жана билим берүүнүн сапаты башкармалыгынын директору Ибрагим Атабаев, Эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Айнура Өзгонова катышты.

Иш сапардын алкагында KNUнун өкүлдөрү ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле делегация Кинг Седжон институтунун ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эске салсак: ОшМУ менен Канвон улуттук университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандум 2025-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Андан бери бир катар иштиктүү жолугушуулар, биргелешкен демилгелер өткөрүлүп келет.

Фотогалерея