Ректор Кудайберди Кожобековдун тиешелүү буйруктарына ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып бир катар окуу түзүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды. Алар 2026–2027-окуу жылында конкурстук негизде бир жылдык мөөнөткө иш алып барышат.
Алсак, Дамира Акматова Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору, Болотбек Каримов Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору болуп дайыналды. Жылдыз Айтбаева Тарых жана юридика институтунун директорлугуна, Жеңишбек Белеков Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору болуп барды.
Бурулча Койлубаева чет тилдер факультетинин деканы, Олжобай Шаимкулов кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, Венера Суркеева орус филологиясы факультетинин деканы болуп дайындалды.
Жетекчилерди тандоо ОшМУнун расмий сайтында жарыяланган конкурс аркылуу жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында окуу түзүмдөрүнүн жетекчилик кызматтарына талапкерлер тандалды. Дайындалган жетекчилер менен эмгек келишимдери түзүлдү. Анда алардын кызматтык милдеттери, эмгек шарттары жана негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) белгиленген.