11-ноябрда Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинде ОшМУнун алдындагы Конфуций институтунун Кеңешинин тогузунчу жыйыны өттү. Анда эки окуу жайдын кызматташтыгынын жыйынтыктары чыгарылып, институттун алдыдагы жылга карата иш планы жана бюджети бекитилди.
Жыйынга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Анвар Аким, аталган университеттин педагогикалык кеңешинин комитетинин төрагасы Цзян Хайцзюнь, эл аралык кызматташтык жана алмашуу башкармалыгынын жетекчиси Хань Цзюн, ошондой эле эки тараптын Конфуций институтуна жооптуу жетекчилери катышты.
Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы, Конфуций институтунун өткөн жылдагы иштери жана алдыдагы пландары талкууланды. Анвар Аким эки университет акыркы жылдары достук, өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдеп, бир катар иштерди биргеликте ишке ашырганын белгиледи.
Ал эми ректор Кудайберди Кожобеков Конфуций институтунун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ал акыркы жылдары Кыргызстандын түштүк аймагындагы жаштардын кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, бул багытта институттун орду чоң экенин айтты. Ошондой эле институттун ишин мындан ары жакшыртуу үчүн кытай тили мугалимдерин тартуу, жергиликтүү адистерди даярдоо, кытай тараптан адистерди жөнөтүү боюнча колдоону күчөтүү зарылдыгына токтолду. Мындан тышкары эки университеттин окутуучулары, студенттери арасында академиялык алмашууну көбөйтүү, билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду жана башка багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Конфуций институтунун кыргыз жана кытай тараптарынан жаңы курамы тааныштырылды. Андан соң институттун 2025–2026-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчет угулду. Кыргыз тараптан институттун директору Токтосун Айтикеев аткарылган иштер тууралуу маалымат берсе, кытай тараптан директор Ань Дэюань финансылык отчетту жана алдыдагы ишмердүүлүктүн негизги багыттарын тааныштырды.
Талкуунун жыйынтыгында институттун өткөн мезгилдеги иштери каралып, 2026–2027-жылдарга карата иш планы жана бюджети бекитилди.
Маалымат үчүн: ОшМУнун алдындагы Конфуций институту жаштарга кытай тилин үйрөтүү, кыргыз жана кытай элдеринин маданий байланыштарын чыңдоо, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барат.