Тил билүү жана аракет — ийгиликтин ачкычы: Германиядагы кыргыз дарыгери Сыргакбектин баяны

Main News

Тил билүү жана аракет — ийгиликтин ачкычы: Германиядагы кыргыз дарыгери Сыргакбектин баяны

Image

Сыргакбек Жумаалыев — медицина адиси. Ал бала кезинен эле ушул тармакка кызыгып, Кыргызстанда андан соң, Орусияда жогорку билимге ээ болгон. Бүгүнкү күндө каарманыбыз дипломдорун тастыктап, кесиби менен Германияда жаңыдан эмгектенип жаткан учуру. Сыргакбектин иштерине ийгилик каалоо менен бирге анын билим жолу тууралуу кыскача маек курдук. 

L. Сыргакбек, саламатсызбы! Окурмандарыбызга билим жолуңуз тууралуу тааныштыруудан маегибизди баштасаңыз?

Саламатсыздарбы! Мен кичине кезимен эле медицина жаатында окууну кыялданчумун. 8-класстан баштап биология сабагынан олимпиадага катышып, бул багытта тереңдеп окуп, даярдыктарды көрүп жүрчүмүн.

Мектепти аяктаган соң, Ош Мамлекеттик окуу жайынын медицина факультетине тапшырып, жалпы бөлүм боюнча 6 жыл билим алдым. Ординатураны Орусиянын окуу жайлары тарабынан берилүүчү квотанын негизинде, кабыл алуу экзамендерин тапшыруу менен Новосибирск шаарындагы Новосибирск Мамлекеттик Медициналык окуу жайындан Рентген тамыр диагностикасы боюнча дарыгер (эндоваскулярная хирургия) жөнөкөй тил менен айтканда кан тамыр хирургу багытында окудум. Ал эми клиникалык база билимдериин И.Н. Мешалкина атындагы Улуттук медициналык илимий изилдөө борборунан өттүм.

L. Ординатурада окуу кандай өттү, кыйын болгон жокпу?

Бизде, Кыргызстанда, ординатура төрт жылга созулат. Ал эми Орусияда бул мөөнөт эки жылды түзөт. Негизинен, ординатурадагы окуу теориядан көрө практика менен тыгыз байланышта болот. Башкача айтканда, окуу учурунда ошол эле тармакта иштеп тажрыйба топтойбуз. Мен да ошол эки жыл ичинде өз адистигим боюнча иштеп, билимимди практика менен бекемдедим. Бирок бул ишке айлык маяна төлөнбөгөндүктөн, кошумча түрдө тез жардам кызматында фельдшер болуп иштөөгө туура келди.

Ачыгын айтканда, окуу жагынан оорчулук көп деле болгон жок. Материалдардын баары орус тилинде болгондуктан, тил жагынан да кыйынчылыкка туш болгон жокмун. Бирок эң чоң тоскоолдук — Орусиядагы мигранттарга карата мамиле болду. Биз ал жакка билим алуу максатында барганыбыз менен, окуудан же жумуштан тышкары убакта көчөдө, дүкөндө же такси сыяктуу коомдук жайларда басмырланган мамилелерди баштан өткөрдүк.

Мындай учурларда дайыма Германияны эске түшүрүп жүрдүм. Анткени, Кыргызстанда окуп жүргөндө "Феринжоб" (Ferienjob) программасы аркылуу Германияга барып келген элем. Ошол учурда европалык стандарттарга, айрыкча Германиядагы медицина тармагына болгон кызыгуум арткан. Ал жакта өзүмдү башкача, урмат-сый менен кабыл алынган адам катары сезгем.

Ошондуктан Орусия менен Германиянын айырмасы абдан билинди. Ошентип, ордунатураны аяктоом менен Германияга бет алдым.

L. Германияга кантип барып калдыңыз?

Германияга келүүнү каалаган адам үчүн эң биринчи жана маанилүү талап — бул немис тилин билүү. Эгер тил билбесең, кандай программа аркылуу болбосун иштеп же жашап кетүү абдан кыйын.

Мен буга чейин немис тилин өздөштүрүп, жакшы деңгээлде сүйлөп калгандыгым үчүн жана мурунку иш берүүчүлөрүмдүн колдоосу менен бул жакка өз алдынча, жеке байланыштар аркылуу келүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Кыргызстан менен Орусиядан алган медициналык билимимди жана дипломдорумду Германияда расмий тастыктоо (нострификациялоо) процесси аркылуу бул жакта өз кесибим боюнча иштөө максатында келгем. Азыр бул процесстер жүрүп жаткан учуру.

L. Германияда медициналык дипломду кантип тастыктоого болот?

Дипломду тастыктоо процесси Германияда бир топ татаал. Чынында, Германияда дарыгерлер жетишпейт, бирок алардын деңгээли жогору болгондуктан, көчөдөн келген ар кимди кабыл алышпайт. Бул жерде мурунтан эле катуу жана системалуу тандоо процесстери ишке ашат.

Алардын эң негизги талабы — немис тилин C1 деңгээлинде билүү. Бул деңгээлди тастыктаган сертификатың болушу абзел. Андан кийин, Германиядагы профессорлор медицинанын негизги предметтерин немис тилинде өткөрүп, экзамен алат. Негизги экзамендер ушул эки баскычтан турат. Алардан ийгиликтүү өткөндөн кийин гана дарыгер болуп иштөөгө уруксат берилет.

Менде дипломду тастыктоо процесси 2 жылга созулду. Бирок бул убакыт аралыгы ар кимде ар кандай болушу мүмкүн: кээ бирлеринде 3 жылга чейин узактайт, ал эми эң ылдамдары бир жарым жылда бүтөт. Себеби Германияда биринчи кезекте сапатка чоң маани берилет, экинчиден — бюрократиялык процедуралар көп болушу мүмкүн.

L. Тастыктоо процесси жүрүп жатканда Германияда кандайча иштеп, жашап жаттыңыз?

Тастыктоо учурунда дарыгердин жардамчысы, же башкача айтканда медбрат катары иштөөгө уруксат берилет. Бул иш ошол учурда немис тилин, айрыкча медициналык терминологияны жоготпой, сактап калууга жана экзамендерге жакшы даярданууга жардам берет. Ошондуктан мындай кызматта иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү — пайдалуу жана практикалык тажрыйба топтоо үчүн жакшы жол.

L. Сиз немис тилин кантип үйрөнгөнсүз?

Бакалавриатта окуп жүргөн кезде Оштогу тил курстарына катышып, жогоруда айтып өткөн Феринжою программасына даярдангам. Андан соң, окууну аяктаганча жеке курстарда немис тилинен мугалим болуп 2 жылдай эмгектенгем. Сабак берүү менен тилди дагы да терең үйрөнүү мүмкүн болду.

L. Азыркы учурда эмне менен алектенип жатасыз?

Учурда Германиянын Берлин шаарында жашап жатам. Экинчи экзаменимди ийгиликтүү тапшырып, "DRK Berlin" ооруканасында кесибим боюнча дарыгер болуп жаңыдан иштей баштадым.

L. Германиянын медицинасы менен биздин медицинанын айырмачылыктарын байкадыңызбы?

Ооба, айырмачылыктар дээрлик чоң жана салыштырып болбой турган деңгээлде. Алгач системалык жактан карасак, Германияда калкты камсыздоо системасы жакшы өнүккөн. Бул жерде ар бир жаран мамлекеттен бекер дарыланууга укуктуу. Мындай социалдык камсыздандыруу Европанын көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Германияда кеңири жайылган.

Жеке дарыгерлерге келсек, бул жерде заманбап медициналык жабдуулар көп колдонулат. Алар дарыгерлердин иштерин жеңилдетип, ишти да тездетет.

Германия менен Кыргызстанды салыштырганда, бул жакта иш менен жеке жашоонун ортосундагы тең салмак жакшы сакталганын байкадым. Убактыңды үй-бүлөңө, бала-чакаңа арноого көп көңүл бурулат.

L. Дарыгерлердин иштөө шарттары каржылык жактан дагы жакшы болушу керек?

Ооба, дарыгерлер жогорку маяна алган кесиптеги адамдардын катарына кирет.

L. Сизге ушундай ийгиликтерге жетүү үчүн кандай сапаттар жардам берди деп ойлойсуз?

Чынында, бул абдан жакшы суроо. Өзүң менен өзүң жалгыз калганда, "Мен азыр кайсы жердемин? Мурда кайда элем? Менин чегим кайда? Кайсы жакка жетсем болот?" деген сыяктуу ойлорго батасың. Мага ушулар окуумду ийгиликтүү аяктап, Германияда кесибим менен иштөөгө алып келди окшойт. Ошондой эле чоң амбиция, максаттарым дагы мени алга сүрөөдө.

L. Медицина багытындагы студенттер күн-түн дебей окушат. Сизде кандай болду?

Мен Германияга келип, жогоруда айтып өткөн экзаменге даярданып жатып, медицинадан көптөгөн маанилүү жана терең материалдарды мурда окуп, үйрөнбөгөнүмдү түшүндүм. Бир жагынан уялдым, экинчи жагынан «эмнеге билбейм?» деп өкүнүп, ошол себептен 8-9 сааттан үзгүлтүксүз окуп, даярданган күндөрүм көп болду. Албетте, бир деңгээлде фундаменталдуу билимим бар эле, бирок үйрөнө турган нерселер дагы абдан көп экенин түшүндүм.

L. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

Алдыдагы пландарымды бөлүшө бергим келбейт. Бирок жогоруда айткандай, бул жакка күчтүү амбиция менен келгенмин. Ошондуктан Германияда тажрыйба топтогондон кийин, буюрса, Кыргызстанга кайтып, жолугушчу күндөр болот деп ишенем.

L. Кыргыз жаштарына кандай кеңештерди бересиз?

Эң негизгиси эки нерсеге көңүл буруу керек деп ойлойм. Биринчиси — билим алуу, анын ичинде тил үйрөнүү. Өзүңдүн 30-35 жашка чейин тил үйрөнүүгө убакыт жана күч жумшасаң, келечегиң үчүн мыкты фундамент түзөсүң. Экинчиси — капиталдуу доордо жеке бизнесиңди баштап, каржылык жактан туруктуу болууга умтул. Бул эки фактор жашоодо ийгиликке жетүүнүн негизги бөлүгү деп эсептейм.

L. Сыргакбек, маегиңизге рахмат, иштериңизде ийгиликтер болсун!

 

Булак: Limon.kg