ОшМУ менен Евразия улуттук университети биргелешкен билим берүү программаларын талкуулады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Евразия улуттук университети биргелешкен билим берүү программаларын талкуулады

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучулары Диларам Мадаминова, улук окутуучулар Сүйүмкан Абдраманова, Майрамкан Курбаналиева 27–28-апрелде Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде иш сапарда болушту. 

Иш сапар 2026–2027-окуу жылына карата биргелешкен билим берүү программаларынын мазмунун тактоо, бекитүү максатында уюштурулду. Талкуу бакалавриат, магистратура деңгээлинде орус тили жана адабияты адистиги боюнча жүргүзүлдү. Жолугушууда кош диплом берүү программасына өзгөчө көңүл бурулуп, бул долбоор студенттер үчүн эл аралык деңгээлде билим алууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары тараптар маданий жана академиялык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин да карашты. ОшМУнун өкүлдөрү Евразия улуттук университетиндеги “Кыргыз тили жана маданияты” борборуна символикалык белектерди тапшырышты.

Учурда ОшМУда Евразия улуттук университетинин казак тили жана маданияты борбору иш алып барса, Казакстандагы окуу жайда ОшМУнун кыргыз тили жана маданияты борбору ачылган.

Фото галерея