Перизат Рустамбек кызы: КОШ ДИПЛОМДУУ ПРОГРАММАДА ОКУГАНЫМ АРТЫКЧЫЛЫК БОЛДУ

Main News

Перизат Рустамбек кызы: КОШ ДИПЛОМДУУ ПРОГРАММАДА ОКУГАНЫМ АРТЫКЧЫЛЫК БОЛДУ

Image

Азыркы заманда билим алуу менен гана чектелбей, өз кесибиңди терең үйрөнүү жана эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоо өзгөчө мааниге ээ. Айрыкча жаштар үчүн чет өлкөдө окуу бул жөн гана билим эмес, дүйнө таанымын кеңейтип, тил үйрөнүү жана кесиптик чеберчиликти арттыруу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Мындай мүмкүнчүлүктү өз жашоосунда колдонгон жаш адистердин бири Перизат Рустамбек кызы. Өзүнүн талыкпас эмгеги жана билимге болгон умтулуусу менен чоң ийгиликтерге жетишип келет.

Перизаттын жолун улаган жаштар үчүн бул окуя мотивация гана болбостон, максат коюп, аракет кылган адам сөзсүз түрдө жыйынтыкка жетээрин далилдей алат. Анын билимге болгон аракетин жана кош дипломдуу программа аркылуу эл аралык деңгээлде кантип мүмкүнчүлүккө ээ болгонун маектештик.

 - Перизат өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-Мен Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Жетим-Дөбө айылында туулгам. 2019-жылы Таштан Суранбаев атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине тапшырып, 2023-жылы ийгиликтүү аяктадым.

2023-жылы билимимди жогорулатуу максатында магистратурага тапшырууну чечтим. Ошол учурда магистратуранын жетекчиси бизге ОшМУдагы кош дипломдуу программа тууралуу маалымат берип, ошол жерден бул мүмкүнчүлүк жөнүндө угуп, катышууну туура көрдүм. Ошентип, Казакстандагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен билимимди уланттым. Ош мамлекеттик университетинде билим алып жатканда негизги теориялык таянычты, фундаменталдык билимди жана тил үйрөнүүдөгү негизги методдорду алдым. Ал эми Евразия улуттук университетиндеги окуу мага жаңы көз караштарды ачып, заманбап окутуу технологиялары менен таанышуумда жардам берди. Айрыкча, эл аралык деңгээлдеги илимий иштерди жазуу, жаңы методикалык ыкмаларды колдонуу жана студенттер менен иштөө тажрыйбамды байыттым.

  

-Казакстанда окуп жатып кайсы предметтер же тажрыйбалар өзгөчө таасир калтырды?
-Мен үчүн өзгөчө маанилүү болгон сабак – Multimedia Technologies. Бул сабакты окуткан мугалимдин билими, ар бир сабакты кызыктуу өткөргөн ыкмалары мага чоң таасир калтырды. Ар бир сабакты чыдамсыздык менен күтүп турчубуз. Мындан тышкары, Write Reader, Mentimeter, Padlet, Baamboozle, QuestGarden сыяктуу жаңы көптөгөн сайттар менен иштөөнү үйрөндүк.

  

- Кош диплом алуу сиздин билим деңгээлиңизге жана көз карашыңызга кандай таасир берди?
-Кош дипломдуу программа мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Биринчиден, билим деңгээлимди жогорулатууга, жаңы педагогикалык ыкмаларды үйрөнүүгө шарт түздү. Экинчиден, ар түрдүү өлкөлөрдүн билим берүү системасын салыштырып, алардын артыкчылыктарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле дүйнө таанымымды кеңейтип, илимий изденүүгө болгон кызыгуумду күчөттү.

- Окуу процессинде кыйынчылыктар болду беле? Кантип жеңдиңиз?
- Магистрдик ишти жазууда айрым кыйынчылыктар болду. ЕНУда магистранттар магистрдик жумуштун теориялык бөлүгүн биринчи курста бүтүрүп, экинчи курста практика өткөрүшөт экен. Биз болсо ошол эле учурда теорияны да жазып, практикалык бөлүгүн да иштеп, 1-курстардын студенттерине сабак өтүп жаттык. Албетте, бул абдан жоопкерчиликтүү жана оор болду. Бирок убакытты туура пландаштырып, жетекчилерибиздин кеңешин угуп, кыйынчылыктарды жеңип чыктык.

-Азыр ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык байланыш институтунда иштеп жатасыз. Бул жумушка кандайча кабыл алындыңыз?
-Кош дипломдуу 1+1 программасынын алкагында Евразия улуттук университетинде окуп келгеним чоң артыкчылык болду. Ошол билим менен тажрыйба мага институтка ишке орношууга жол ачып, кесиптик жолумду ушул жерден улантып жатам. Бул жумуш мага жоопкерчилик менен бирге өзүмдү өнүктүрүү үчүн дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү тартуулап жатат.

- Кош диплом программаңыз келечекте кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ойлойсуз?
-Бул программа мага илимий жана кесиптик жактан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Алдыда чет өлкөлүк тажрыйбаны улантып, эл аралык долбоорлорго катышып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жаңы байланыштарды түзүүгө шарт болот. Мен ошол нерсени алдыма максат коюп, ага карата алгачкы кадамдарды таштап жатам.

- Дагы кандай ачылбаган таланттарыңыз же хоббиңиз бар?
-Бош убактымда жаңы тамак-аш түрлөрүн жасоого, өзгөчө улуттук жана чет элдик даамдарды үйрөнүүгө кызыгам. Андан тышкары, декоративдик буюмдарды жасоо жана үйдү кооздоо иштерине көңүл бурам. Спорт менен алектенүүм көп болбосо да, сейилдөө жана йога көнүгүүлөрү мени эс алдырып, энергия топтоого жардам берет. Бул хоббилер менин күнүмдү кызыктуу кылып, чыгармачылыгымды өнүктүрүп келет.

- ОшМУнун студенттерине магистратура боюнча кош диплом программасына катышууга кандай кеңеш бересиз?
Бул программа студенттерге жаңы билимдерди алууга, башка өлкөнүн билим берүү системасы менен таанышууга жана эл аралык деңгээлде атаандашууга зор мүмкүнчүлүк ачат. Ошондой эле кесиптик чөйрөдө тажрыйба топтоого жана кеңири байланыштарды түзүүгө шарт түзөт. Мен бардык студенттердин талыкпай билим алып, алдыга чоң максаттарды коюп, ал үчүн ар күнү аракет жасоосун каалайт элем. Баары сиздердин каалооңуздардан көз каранды. Өзүңүздөргө ишенүүдөн токтобогула. 

 -Перизат, пайдалуу маалыматтарыңызга ыраазычылык билдиребиз. Алдыга койгон максаттар орундала беришине тилектешпиз.

 

Маектешкен  ОшМУнун пресс-катчысы Зинагул Нуралиева

 

 

Photogallery