Раимжан Курбанов ОшМУда студенттер менен баарлашты

Main Events

Раимжан Курбанов ОшМУда студенттер менен баарлашты

Image

24-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти, коомдук ишмер Раимжан Курбанов менен студенттердин жолугушуусу өттү.  

Алгач Курбанов тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров менен билим берүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жаштар менен иштөө багыттары боюнча пикир алышты. Андан кийин студенттер менен жолугушту. Жаштарга кыргыз тилинин коомдогу орду, эне тилди билүүнүн мааниси, сүйлөө маданияты тууралуу айтып берди. Ошондой эле «Тил жана маданият» гезитинин тарыхы, учурдагы ишмердүүлүгүнө токтолду. 

«Көп тил билгиле, бирок эң биринчи эне тилиңерди жакшы билгиле», –деди ал.  

Жолугушууда тилдин тазалыгы, сөз маданияты, көркөм сүйлөө маселелери да көтөрүлүп, Раимжан Курбанов ырлардан көркөм окуп берди. Ал эми мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова эне тилди урматтоо, тил маданиятын жогорулатуу, жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууда мындай иш-чаралар маанилүү экенин белгиледи. 

Соңунда студенттер менен суроо-жооп болду.

Райымжан Курбанов Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош облусунун жана Ысык-Көлдүн Түп районунун ардактуу атуулу, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, «Эне тилим – эне сүтүм» телесынагынын уюштуруучусу.

 

Photogallery