Түркиянын Памуккале университети 2024-2025-окуу жылынын жазгы семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады

Башкы Жаңылыктар

Түркиянын Памуккале университети 2024-2025-окуу жылынын жазгы семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады

Image

Медицина факультетинен тышкары бардык адистиктер боюнча арыздар кабыл алынат.

Негизги шарттар жана талаптар:

1. Түрк тилин В2 деңгээлинде билүү (ТТÖMER сертификаты жок студенттерге экзамен болот);

2. Билим алуу акысыз;

3. Акы төлөнүүчү жатакана берилет;

4. Жол кире жана башка чыгымдар студенттин эсебинен;

5. Университет тууралуу кененирээк маалымат https://www.pau.edu.tr/  сайтында;

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-декабрына чейин уланат.

Программанын координатору: ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, PhD Кулназарова Айнура Досуевна.

Биздин дарек: ОшМУнун борбордук китепканасы, 302-кабинет.

e-mail: akulnazarova@oshsu.kg