ОшМУнун кесиптик бирлиги

Университет ОшМУнун кесиптик бирлиги

ОшМУнун кесиптик бирлиги

Адрес Ош шаары, Ленин көчөсү, 331
Телефон
Факс
Веб-сайт https://prof.oshsu.kg/
E-mail

Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүү жана илимий изилдөө ишмердигиндеги өзүнүн 80 жылдык тарыхы бар,  Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлери, окуу-көмөкчү персоналдар мүчөсү болушкан республикабыздагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Кыргыз Республикасынын  эмгек менен камсыз болуу жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча коомдук көзөмөлдөөнү жүргүзүү кирет.

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги менен ректоратынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо ж.б. иш-чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Кыргызстанда профсоюздар өз ишмердигин башкы мыйзамыбыз Конституцияда көрсөтүлгөн нормаларга, “Коомдук бирикмелер жөнүндөгү”, “Профсоюздар жөнүндөгү”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү”, “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү”, Эмгек Кодексине ж.б. мыйзамдарга, Өкмөттүк укуктук-нормативдик бир катар документтерге ылайык жүргүзүп келишүүдө. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (КПФ) өлкөнүн баардык профсоюздук тармактарын (билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, токой чарбасы, мамлекеттик мекемелер, транспорт, курулуш, соода ж.б.) өзүнө бириктирет. КПФ жана баардык тармактык профсоюздар өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алып иш алып барышат.                    

Максаты: ОшМУнун  кесиптик бирлиги тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча иш-чаралар регулярдуу өткөрүлөт. Кесиптик бирлигинин  жамаат мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардамдар көрсөтүлөт, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет.                

Анда негизинен профком менен ректорат ортосунда өнөктөштүк иштердин деңгээлин жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, эмгек стажы, зыяндуу жумуш орундар үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө, профсоюзга студенттерди мотивациялоону күчөтүү, жаш кызматкерлерди, жалпы эле турак-жайга муктаждар үчүн ипотекалык кредиттерди алууга көмөктөшүү, спортту колдоону күчөтүү, жамаат ичинде ынтымакты, биримдикти бекемдөө, жакшы иштерди кенен жайылтуу, ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү, жаштарга маданияттуулукту  үйрөтүү жана таалим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнүн жана жан дүйнөнүн тазалыгын сактоо, аларга ар тараптуу моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аткаруу, кызматкерлер менен студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Профсоюз уюмунун тарыхы 

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлерин, окуу-көмөкчү персоналын, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү, магистранттар жана студенттерди бириктирген республикадагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту  түзүлгөн учурдан башталып, 9 окутуучу жана жүзгө жакын студенттер институттун профсоюз комитетинин алгачкы жамаатын түзүшкөн. Алгач профсоюз уюму жергиликтүү комитет деп аталган. Ал кездеги мыйзамдар боюнча, профсоюз уюмунун мүчөлүк акысына айлык маяна жана стипендиядан 0,5 % кармалып турган.  Архив маалыматтары боюнча, институттан жергиликтүү комитетке 1939-жылы 449 рубль, 1940-жылы 1598 рубль акча каражаты которулган.

1951-жылы мугалимдер институту педагогикалык институт катары кайра түзүлгөндө, 29 окутуучу, 350 студенттен турган ОшПИнин профсоюз комитети уюшулган. Окуу жайдын профкомунун алгачкы төрагасы болуп Сражидин Байбеков иштеген (1951-1955). Анын демилгеси менен институттун профсоюз уюму Гүлчөдөгү балдар үйүнүн тарбиялануучуларын шефтикке алып, бир топ жыл балдарды азык-түлүк жана кийимдер менен камсыздап турушкан.

Кийинки жылдары уюмдун жетекчилери болуп А.Приев (1955-57-ж.), М.Абдулина (1957-61-ж.), С.Кравченко (1961-64-ж.),  Ж.Шериев (1964-68-ж.), А.Пирматов (1968-69-ж.), Е.Штрауфман (1969-71-ж.), О.Карашев (1971-73-ж.), Ж.Асанбеков (1973-78-ж.), К.Назаров (1978-83-ж.), Б.Токторалиев (1983-87-ж.), С.Абдугулов (1987-99-ж.), Б.Иметов (1999-2004-ж.), А. Аккулов(2004-2020-ж.) иштешкен. ОшМУнун профсоюз комитетинин 2020-жылдын 20-февралында өткөн XXXIV конференциясынын токтомдору менен анын төрагасы болуп, биология илимдеринин кандидаты, доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович  шайланып, бүгүнкү күндө иштеп келүүдө.

Ош мамлекеттик  университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы, доценти

Саттаров Абсамат  Эрмаматович

Байланыш телефондору:

Кабылдама:    0(3222) 7-21-56

Бухгалтерия:  0(3222) 7-08-20

e-mail:               asattarov@oshsu.kg

Жалпы жобо

Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен анын эмгек жана студенттик жамаатынын атынан кесиптик бирлик уюмунун ортосунда жамааттык келишим түзүлөт, ага ылайык жамааттын мүчөлөрү - кызматкерлер, аспиранттар жана магистранттар, студенттер университеттин Уставына жана ички эмгек тартибине ылайык белгилүү бир кесипке, квалификацияга жана кызмат ордуна иштөөгө жана окутууга коюлган талаптарды аткарууга милдеттенет. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин администрациясы аларга эмгек акысын убагында төлөөгө, эмгек шарттары жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Эмгек кодексинде (ЭК), Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жана ушул жамааттык келишимде каралган билим берүүгө милдеттүү.

ЖАМААТЫК КЕЛИШИМ

Фото галерея