ОшМУда ыктыярчылар клубу ишин баштады

Башкы Окуялар

ОшМУда ыктыярчылар клубу ишин баштады

Image

Ош мамлекеттик университетинде 16-декабрда ыктыярчылар клубу расмий түрдө ачылды. Ага коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, жаштар комитетинин, акыйкатчы аппаратынын жетекчилери, окуу жайга караштуу институт, факультет жана колледждерден активдүү студенттер катышты.

Клубдун негизги максаты студенттердин жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, коомго пайдалуу болууга үндөө жана боорукерлик, жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарын өнүктүрүүгө багытталган.

Клубдун жетекчиси, ОшМУнун тарбия иштери боюнча адиси Муслима Довурованын айтымында, буга чейин да студенттер ыктыярчы болуп ар кандай иш-чараларга катышып келген. Ал эми сентябрь айынан тарта атайын жобо кабыл алынып, клуб расмий иштей баштады.

Ачылыш аземинде студенттер ыктыярчылык кызматтын багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Мындан ары алар университет ичинде эле эмес, шаардык деңгээлдеги иш-чараларга да активдүү катыша алышат.

 

Фото галерея