ОшМУнун кесиптик бирлиги

Университет ОшМУнун кесиптик бирлиги

ОшМУнун кесиптик бирлиги

Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүү жана илимий изилдөө ишмердигиндеги өзүнүн 80 жылдык тарыхы бар,  Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлери, окуу-көмөкчү персоналдар мүчөсү болушкан республикабыздагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Кыргыз Республикасынын  эмгек менен камсыз болуу жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча коомдук көзөмөлдөөнү жүргүзүү кирет.

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги менен ректоратынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо ж.б. иш-чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Кыргызстанда профсоюздар өз ишмердигин башкы мыйзамыбыз Конституцияда көрсөтүлгөн нормаларга, “Коомдук бирикмелер жөнүндөгү”, “Профсоюздар жөнүндөгү”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү”, “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү”, Эмгек Кодексине ж.б. мыйзамдарга, Өкмөттүк укуктук-нормативдик бир катар документтерге ылайык жүргүзүп келишүүдө. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (КПФ) өлкөнүн баардык профсоюздук тармактарын (билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, токой чарбасы, мамлекеттик мекемелер, транспорт, курулуш, соода ж.б.) өзүнө бириктирет. КПФ жана баардык тармактык профсоюздар өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алып иш алып барышат.                    

Максаты: ОшМУнун  кесиптик бирлиги тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча иш-чаралар регулярдуу өткөрүлөт. Кесиптик бирлигинин  жамаат мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардамдар көрсөтүлөт, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет.                

Анда негизинен профком менен ректорат ортосунда өнөктөштүк иштердин деңгээлин жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, эмгек стажы, зыяндуу жумуш орундар үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө, профсоюзга студенттерди мотивациялоону күчөтүү, жаш кызматкерлерди, жалпы эле турак-жайга муктаждар үчүн ипотекалык кредиттерди алууга көмөктөшүү, спортту колдоону күчөтүү, жамаат ичинде ынтымакты, биримдикти бекемдөө, жакшы иштерди кенен жайылтуу, ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү, жаштарга маданияттуулукту  үйрөтүү жана таалим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнүн жана жан дүйнөнүн тазалыгын сактоо, аларга ар тараптуу моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аткаруу, кызматкерлер менен студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

ОшМУнун  кесиптик бирлик  комитетинин  президиумунун  курамы:

  1. Саттаров Абсамат Эрмаматович - ОшМУнун кесиптик бирлик  комитетинин  төрагасы, комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

  1. Рысалиев Эстебес Турганбаевич - ОшМУнун бириккен кесиптик бирлик  комитетинин  башкы  эсепчиси;
  2. Зулпукаров Капар Зулпукарович - ОшМУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы;
  3. Аккулов Абдижапар Ураимович – ОшМУнун квалификация жогорулатуу институтунун  директору;
  4. Артыкова Жылдыз Абдисаламовна - Башкаруу бөлүмүнүн профбюро төрайымы;
  5. Сейитказыева Гулнара  - ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы;
  6. Маматкулов Орозбай Идирисович -ТТАТФнын профбюро төрагасы;
  7. Манасов Насырбек Абдувалиевич – медицина факультетинин профбюро төрагасы;
  8. Турдубаев Бакытбек Абдилатович – ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адис;
  9. Маматалиев Курсанбек Ажибекович - АХЧнын профбюро төрагасы;
  10. Аспердиева Чынара Мейманалиевна - Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин профбюро төрайымы;
  11. Маликов Алтынбек - ФЮКтун профбюро төрагасы;
  12. Нуруев Мирлан Камалович – Эл аралык медицина факультетинин профбюро төрагасы;
  13. Жээнбаев Аман – Ыйман лицейинин профбюро төрагасы;
  14. Жумабаев Бекжан – Студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси;

ОшМУнун профсоюз комитетинин курамы

Аты - жөнү

Кызматы

Туулган жылы

Шайланган жылы

Факультети

Телефон номери

1.

Саттаров  Абсамат

Эрмаматович

Ош МУнун профкомунун төрагасы

04.08.1973.

20.02.2020.

Ош мамлекеттик университети

077 14 131 24

2.

Рысалиев Эстебес

Турганбаевич

Башкы эсепчи.

20.01.1962

20.02.2020.

Ош мамлекеттик университети

0555 81 87 39

3.

Турдубаев Бакыт Абдилатович

Эмгекти коргоо боюнча жетектөөчү адис

26.07.1971

20.11.2023.

Ош мамлекеттик университети

0773500 800

4.

Айтыкулова Айжаңыл

Башкы адис.

19.03.1996

28.09.2020.

Ош мамлекеттик университети

0507 83 56 96

5.

Сулайманова Айжан Айчыбекова

Ректораттын профбюро  төрайымы

22.02.1990

 

Ош мамлекеттик университети

0706 686779

6.

 Маматалиев Курсан

Ажибекович

Профбюро төрагасы, комендант.

20.11.1965

 

Админ, чарба департаменти

05 50 12 84 11

7.

Абдырахманова Сезимгүл Төрөкановна

Илимий китепканын профбюро төрайымы

18.06.1989

15.09.2024.

Китепкана

0554 111 492

8.

Капаров Афтандил

Профбюро төрагасы, окутуучу

15.06.1987.

15.09.2022.

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту

0558 87 86 66

11.

Аспердиева  Чынара

Мейманалиевна

Профбюро төрайымы, окутуучу.

04.09. 1974.

27.02.2020.

Филология жана маданият аралык коммуникация институту

0770 15 44 05

12.

Султанова Арууке Медетбековна

Профбюро төрайымы, окутуучу .

17.09.1988.

28.09.2022.

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби

0774 151 715

15.

Калбаев Умирбек Маткасимжанович

Профбюро төрагасы, окутуучу.

01.10.1984.

03.03.2020.

Экономика, бизнес жана менеджмент институту

0558 72 26 23

16.

Манасов Насырбек Абдуллаевич

Профбюро төрагасы,   окутуучу.

31. 01. 1972.

02. 03.2020

Медицина факультети

0772 27 71 86

17.

Нуруев Мирлан Камалович

Профбюро төрагасы,   улук окутуучу.

29.02.1976.

21.11.2022

Эл аралык медицина факультети.

0773 92 87 29

0559 727775

18.

Аскаров Гүлжигит  Рустамович

Профбюро төрагасы. Окутуучу

20.12.1989.

 

03.05.2021.

Дипломдон кийинки медициналык билим берүү борбору.

0559 111 819

19.

Табалдыев Нурбек Алинбекович

 

Профбюро төрагасы, окутуучу.

22.03.1985.

07.05.2021.

Тарых жана юридика институту

0773 12 25 28

21.

 

Талипов Алманбет Тынычбекович

Профбюро төрагасы, окутуучу.  

05.05.2001.

10.10.2024.

Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту

0509 099 651

24.

Жусубалиев Али

Профбюро төрагасы,  доцент.

01.01.1977.

07.08.2021.

Теология факультети.

0771 271219

25.

 

Алтынбеков Авазбек Ташбаевич

Профбюро төрагасы , кытай тили  окутуучу.

21.03.1989.

15.11.2023.

Кыргыз – Кытай факультети

0779337265

26.

 

Султанов Мирбек Раимбердиевич

Профбюро төрагасы, окутуучу.

05.09.1982.

25.10.2024

Медицина колледжи.

0558 883918

27.

 

Тойгелди кызы Айчүрөк

Профбюро төрайымы , окутуучу.

09.04.1990.

10.10.2020.

Өзгөн медколледж.

0777 73 73 97

28.

 

Маликов  Алтынбек Азизбекович

Профбюро төрагасы. окутуучу.

22. 09.1983.

21.10.2019.

ФЮК.

0773 25 83 85

29.

 

Мамасадыков Айбек Ураимжанович

Профбюро төрагасы, окутуучу.

07.02.1974.

21.09.2022.

Индустриалдык колледж

0557 26 81 26

30.

 

Абдурахманов Артыкбек Аскарбекович

Профбюро төрагасы, окутуучу.

07.09.1986.

07.10.2023.

ЭАББПК

0990 000 194

31.

 

Боронов Самат  Календарович

Профбюро төрагасы, окутуучу.

26.08.1992.

15.09.2020.

STEM колледж.

0222 36 40 37

32.

 

Сагынбаева Нурила  Токуровна

Профбюро төрайымы, окутуучу.

25.01.1968.

02.03.2020.

Билим  лицейи.

0555 14 5055

33.

 

Жээнбеков Аман Бапыевич

Профбюро төрагасы,  окутуучу.

24.08.1978.

17.02.2020

Ыйман   лицейи.    

 

0771 81 73 92

0558 626 962

34.

Турганбаева  Ибадат

Профбюро төрайымы, окутуучу.

13.01.1989.

20.09.2021

 “Зирек” башталгыч билим берүү борбору

0556 891 314

35.

Жайлообаева  Гүлбарчын

Профбюро төрайымы,   окутуучу.

12.02.1983.

17.09.2021.

Ноокат  мектеп гимназиясы

0770 108 320

37.

 

Марат уулу Нуристан

Профбюро төрагасы , окутуучу.

1996. 09.05.

13.11.2019.

Кара-Суу мектеп гимназиясы.

0771 11 90 96

40.

 

Кудайбердиев Бекарстан Асилбекович

Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн  профбюро  төрагасы.

20.01.1989

01.05.2023

ЦИТО.

0552 747 486

Профсоюз уюмунун тарыхы 

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлерин, окуу-көмөкчү персоналын, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү, магистранттар жана студенттерди бириктирген республикадагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту  түзүлгөн учурдан башталып, 9 окутуучу жана жүзгө жакын студенттер институттун профсоюз комитетинин алгачкы жамаатын түзүшкөн. Алгач профсоюз уюму жергиликтүү комитет деп аталган. Ал кездеги мыйзамдар боюнча, профсоюз уюмунун мүчөлүк акысына айлык маяна жана стипендиядан 0,5 % кармалып турган.  Архив маалыматтары боюнча, институттан жергиликтүү комитетке 1939-жылы 449 рубль, 1940-жылы 1598 рубль акча каражаты которулган.

1951-жылы мугалимдер институту педагогикалык институт катары кайра түзүлгөндө, 29 окутуучу, 350 студенттен турган ОшПИнин профсоюз комитети уюшулган. Окуу жайдын профкомунун алгачкы төрагасы болуп Сражидин Байбеков иштеген (1951-1955). Анын демилгеси менен институттун профсоюз уюму Гүлчөдөгү балдар үйүнүн тарбиялануучуларын шефтикке алып, бир топ жыл балдарды азык-түлүк жана кийимдер менен камсыздап турушкан.

Кийинки жылдары уюмдун жетекчилери болуп А.Приев (1955-57-ж.), М.Абдулина (1957-61-ж.), С.Кравченко (1961-64-ж.),  Ж.Шериев (1964-68-ж.), А.Пирматов (1968-69-ж.), Е.Штрауфман (1969-71-ж.), О.Карашев (1971-73-ж.), Ж.Асанбеков (1973-78-ж.), К.Назаров (1978-83-ж.), Б.Токторалиев (1983-87-ж.), С.Абдугулов (1987-99-ж.), Б.Иметов (1999-2004-ж.), А. Аккулов(2004-2020-ж.) иштешкен. ОшМУнун профсоюз комитетинин 2020-жылдын 20-февралында өткөн XXXIV конференциясынын токтомдору менен анын төрагасы болуп, биология илимдеринин кандидаты, доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович  шайланып, бүгүнкү күндө иштеп келүүдө.

 

Саттаров Абсамат  Эрмаматович

Ош мамлекеттик  университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы, доценти

Саттаров Абсамат Эрмаматович 1973-жылы 4-августта  Ош областынын Алай районунун  Дароот – Коргон айылында туулган. 1988-1991-жылдары №44 кесипчилик-техникалык окуу жайында билим алган. 1991-1993-жылдары  РФнын Мурманск областынын Апатит шаарында  аскердик кызматын  өтөгөн. Эмгек ишмердигин 1994-1999-жылдары  ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин “биология жана химия”  адистиги, ал эми 2016-2019-жылдары  ОГПИнин дене тарбия факультетинин  “дене маданияты”  адистиги боюнча билим алган. 1999-жылдан баштап  ОшМУнун медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасы морг башчысы, лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доценти болуп иштеп келе жатат.  2006-2019– жылдары медицина факультетинин контракт, тарбия, окуу иштери боюнча декандын орун басары, 2019-жылдын 12-июлдан баштап 2020-жылдын 22-февралга чейин табият таануу жана география факультетинин факультеттер аралык №2 дене тарбия  кафедрасынын башчысы, 2020-жылдын 20-февралынан   ОшМУнун профсоюз кесиптик бирлигинин төрагасы кызматына шайланган.

Сыйлыктары:

  • ОшМУнун ардак  грамотасы дана дипломдору ( 2001, 2003, 2004, 2007, 2008,2009,2011,2012,2015);
  • Ош шаардык мэриянын ардак грамотасы (2007);
  • Ош областтык администрациясынын ардак грамотасы  (2008);
  • ОшМУнун профсоюз комитетинин ардак грамотасы  (2012);
  • Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин ардак грамотасы (2012);
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстрилигинин ардак грамотасы (2012);
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрилигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси (2019);

Илимий иштери:

  • 2019-жылы 30-октябрда  м.и.д., профессор Т.М. Тулекеевдин жетекчилиги астында  РФнын Санкт Петербург педиатриялык медициналык  мамлекеттик университетинде «Физическое развитие и телосложение у детей подросткового и юношеского возраста различных экологических зон Кыргызстана» аттуу темада биология илимдеринин кандитаты окумуштуулук даражасын коргогон. 60дан ашуун илимий макалардын автору.

Байланыш телефондору:

Кабылдама:    0(3222) 7-21-56

Бухгалтерия:  0(3222) 7-08-20

e-mail:               asattarov@oshsu.kg

Жалпы жобо

Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен анын эмгек жана студенттик жамаатынын атынан кесиптик бирлик уюмунун ортосунда жамааттык келишим түзүлөт, ага ылайык жамааттын мүчөлөрү - кызматкерлер, аспиранттар жана магистранттар, студенттер университеттин Уставына жана ички эмгек тартибине ылайык белгилүү бир кесипке, квалификацияга жана кызмат ордуна иштөөгө жана окутууга коюлган талаптарды аткарууга милдеттенет. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин администрациясы аларга эмгек акысын убагында төлөөгө, эмгек шарттары жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Эмгек кодексинде (ЭК), Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жана ушул жамааттык келишимде каралган билим берүүгө милдеттүү.

ЖАМААТЫК КЕЛИШИМ

ОшМУнун кесиптик бирлигинин жыйыны

Фото галерея