Адрес | Ош шаары, И.Раззаков көчөсү 19а |
Телефон | +996 555 109 335 |
Факс | |
Веб-сайт | http://law.oshsu.kg |
kuldysheva@oshsu.kg oshgu_yurfak@mail.ru |
Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институту өзүнүн түптөлүшү жана өнүгүшү менен өлкөбүздүн түштүк аймагындагы жогорку билим берүүнүн, илимий изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бири болуп эсептелет. Институттун тарыхы университетибиз менен жашташ болуп, 1939-жылы алгач тарых факультети катары түзүлүп, тарых жана коомдук билим берүү тармагында алдыңкы адистерди даярдоо башталган.
1992-жылы эгемендүүлүк шарттарында жана өлкөдөгү укуктук билимге болгон муктаждыкты камсыздоо максатында, түзүмдө юридикалык багыт ачылып, Тарых-укук факультети болуп түзүлгөн. Кийинки жылдары шартка жараша тарых жана юриспруденция адистиктери айрым учурларда өз алдынча же бириккен түзүмдөр катары ийгиликтүү иштеп келишти.
ОшМУнун ректорунун 2024-жылдын 22-июнундагы № 2810 буйругу менен Тарых-юридика институту түзүлгөн. Учурда институтту ю.и.д., профессор К.Г.Кулдышева жетектеп келүүдө.
Институт көп жылдардан бери өзүнүн жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамы жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердиги менен таанымал. Институтта тарых, юриспруденция, бажы иши, сот экспертизасы жана башка тиешелүү багыттар боюнча бакавриат жана магистратура программалары даярдалып, бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн түрдүү тармактарында ийгиликтүү эмгектенүүдө.
Бүгүнкү күндө Тарых-юридика институту Ош мамлекеттик университетинин алдыңкы структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Институт заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен студенттерге жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыздоодо жана коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.
Институттун миссиясы – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо жана илим-билимди өнүктүрүү аркылуу Кыргызстандын социалдык-экономикалык өсүшүнө салым кошуу.