Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы Ош мугалимдер институтунун ачылышы менен башталган. 1951-жылы педагогикалык институтка, 1992-жылы университетке айланган.
Учурда ОшМУда 8 институт, 4 факультет, 1 жогорку билим берүү мектеби, 1 дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 4 мектеп-гимназия, 30дан ашуун окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук борборлор, лабораториялар, 10 студенттик жатакана, 2 медициналык клиника, 1 башталгыч билим берүү борбору, 1 бала бакча, 18 спорттук комплекси, 1 стартап борбору, 2 пансионаты бар.
ОШМУ ЖАҢЫ ИМАРАТТАРДЫ КУРУП, БИЛИМ БЕРҮҮ БАЗАСЫН КҮН САНАП ЧЫҢДООДО
Акыркы жылдары ОшМУда 32дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык модернизацияланды. Мындай курулуштар окуу жайдын гана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтпестен, Ош шаарынын архитектуралык облигине жаңыча көрк кошууда.
ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ТҮЗҮҮДӨ ЛИДЕР БОЛДУ
ОшМУ учурда дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү (Америка, Испания, Италия, Германия, Чехия, Польша, Кытай, Россия, Корея, Япония, Малайзия ж.б.) 325 окуу жай менен академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуулук билим берүү программалары, конок жана онлайн лекцияларды уюштуруу, биргелешкен эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу, илимий иштерди жүргүзүү жаатында эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин негизинде иш алып барууда.
КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ИШКЕ АШУУДА
Окуу жай биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү боюнча учурда 32 адистик боюнча Россия, Казакстандын жана Кытайдын университеттери менен келишимдерге кол коюлуп, окуу пландар иштелип чыкты. Учурда 22 адистик боюнча кош дипломдуулук программалары ишке ашууда.
ОШМУ ИЧКИ ЖАНА СЫРТЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН ДЕМИЛГЕЧИСИ
Жыл сайын 1000гө жакын студент (магистрант), 500гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү университеттерге Эразмус+, Мевлана, ITEC, DAAD, Орхун, ШКУУ, «Ош декларациясы» ж.б.у.с. программалардын жана эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин алкагында барып, окуп, тажрыйба алмашып келет.
ОШМУ - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧЕКСИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН БОРБОРУ
Студенттерге стимул берүү максатында ар жыл сайын тандалып алынган эң мыкты студенттерге Президенттик стипендия, ар жылы 10 студент 1200$ өлчөмүндө “Атуулдук стипендия”, 22 студент Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышат. Андан сырткары “ОшМУнун топ – 20 студенти” деп аталган стипендия да ыйгарылат.
Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.
ОшМУда САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ТОЛУГУ МЕНЕН ИШКЕ АШТЫ
ОшМУда абитуриент окууга тапшыргандан тартып, диплом алганга чейинки кыймыл-аракеттер санариптештирилген.
Өзгөчө макам алгандан тартып университетте окуу процессинин уюштурулушу академиялык эркиндиктин принциптерине негизделип MyEDU окуу процессин башкаруу платформасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Окуу жайдын жалпы платформалары 2026-жылга чейин «Электорндук кампус» тутумуна биригип, маалыматтардын автоматташтырылган корпоротивдик экосистемасы түзүлөт.
ӨЛКӨДӨГҮ ЖАНА ЭР АРАЛЫК АРЕНАДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
ОшМУ өлкөдөгү 11 мамлекеттик университеттердин катарында “Өзгөчө макам” алган окуу жай. Бул макамга ылайык билим берүү программаларынын стандарттарын түзүүдөн баштап финансылык, административдик жактан да автономия берилди.
Дүйнөлүк деңгээлге чыгууга бел байлаган университетибиз эл аралык абройлуу QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду багындырып, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулду.
ОшМУ дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ болду жана “төрт жылдыздуу университеттердин” катарын толуктады.
Ош мамлекеттик университети “IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) - 2024” эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээледи. Муну менен окуу жай Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүнө кирди.
Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Ош мамлекеттик университети – 415.84 балл менен жалпы рейтингинде топ-5тин ичине кирди.
БИЛИМ БЕРҮҮДӨН – ӨНДҮРҮШКӨ
ОшМУ 4-муундагы университетке айлануу үчүн ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ-КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ коллаборациясын ийгиликтүү ишке ашырууда.
Алсак, Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» робототехника борбору ачылып иштеп жатат. Андан сырткары "Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык борбору, "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору, Экологиялык тармакта "Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар" аттуу консалтинг борбору активдүү иш алып барууда.
Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ОшМУнун бизнес паркы да жаштарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтүүдө.
ОшМУда ветеринардык клиника ачылып, кызматтардын бардык түрлөрүн – УЗИ жана лабораториялык изилдөөлөрдү, хирургиялык операцияларды, жаныбарларды эмдөө жана малды жасалма уруктандыруу иштерин аткарууда.
Абанын булганышын изилдөө багытында ОшМУ менен Жапония менен биргеликте “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорунда кызматташууда.
Таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү станция куруу максатында ОшМУ кытайлык Xiamen Jinming Energy Conservation Technology Co., Ltd. компаниясы менен таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция куруу боюнча долбоордун алкагында кызматташууда.
ОШМУ – БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШГИН АЧ!