ОшМУда окуу процессинин санариптештирилиши талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окуу процессинин санариптештирилиши талкууланды

Image

Эразмус+ программасынын "Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүгө карата жашыл жана санарип университеттер" долбоорунун алкагында ОшМУда онлайн жыйын уюштурулду. Ага долбоордун концорциумуна кирген окуу жайлардын жыйырмадан ашык кызматкери катышты.

Отурумда университеттин Санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректору Уларбек Молдояров “Окуу процессин санариптештирүү ОшМУнун мисалында” аттуу темада презентация жасады. Өз сөзүндө ал ЖОЖдордун санариптештирилиши студенттердин, окутуучулардын жана администрациянын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатып, билим берүү сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

"Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүгө карата жашыл жана санарип университеттер" долбоорунун координатору Жанара Байтугуловага Ош мамлекеттик университетине  ыраазылык билдирет.

Жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, аны долбоордун ОшМУдагы координатору Абдыганы Абдувалиев алып барды.

 

Фото галерея