Илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. ОшМУда үч лаборатория пайдаланууга берилди

Башкы Жаңылыктар

Илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. ОшМУда үч лаборатория пайдаланууга берилди

Image

Медицина факультетинин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедарсында үч окуу-илимий лаборатория пайдаланууга берилди. Кечээ, 18-декабрда ачылуу аземи болуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, окутуучулар жана студенттер катышты.  

Лабораториялар илимий изилдөөлөрдү жасоо үчүн бардык керектүү техникалар жана шаймандар менен камсыздалган. Ага ылайык, адамдагы патологиянын себебин, морфологиялык клетканын деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү, биохимиялык-физиологиялык жараяндардын жүрүштөрүн билсе болот. Мындан сырткары ткандардагы клетканы салыштырып үйрөнүү жана денедеги суютуктарды изилдөөгө да мүмкүнчүлүк бар. 

Эми бул лабораториялардын жардамы менен  студенттер, аспиранттар медицина жана биология тармагындагы изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Муну менен илимий-изилдөө иштери жасалып, илим жана билим берүү чөйрөсү үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого болот. 

Лабораториялардын курулуш иштерине окуу жайдын ички эсебинен каражат бөлүнгөн. 

 

Фото галерея