
Ош мамлекеттик университетинде жасалма интеллект адистигин ачууну пландалууда. Бул тууралуу Кытайдын Нанкин технологиялык институтунун информациялык инженерия, байланыш тармактары жана жасалма интеллект факультетинен келген делегация менен Математика, физика, техника жана информацялык технологиялар институтунун жамаатынын жолугушуусунда белгилүү болду.
Делегация ОшМУга 26-мартта келди. Тараптар эки окуу жайдын буга чейин кабыл алган келишимдеринин аткаралышы, илим изилдөө жана мобилдүүлүк программалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча Big Data аналик адистигинин окуу планы талкууланды. Ошондой эле биргеликте жасалма интеллект адистигин ачуу пландалды.
Бүгүн, 27-мартта делегация институттун студенттерине, докторанттарга жана окутуучуларга конок лекцияларды өтүштү.