
Индия менен ОшМУнун ортосунда кызматташтыктын жаңы багыттары ачылат. Алсак, информатика багытындагы Айтек долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавтын окуу жайдагы иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Элчи ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, тараптар байланыштын жаңы горизонтторун ачууну талкуулашты. Ага ылайык, ОшМУдагы чет өлкөлүк билим алуучулар, окутуучулар жана индиялык туристтер үчүн биргелешкен туристтик борбор ачуу каралууда. Ошондой эле жаңы долбоорлордун үстүндө иштөө сунушталды.
Бирендер Сингх Ядав 26-мартта Эл аралык медицина факультетинде болгон. Анда ал индиялык студенттер менен жолугуп, алар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыккан.
Бирендер Сингх Ядав Индиянын Кыргызстандагы эличиси болуп ушул жылдын январ айында дайындалган.