Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучулары Айнура Сапарбаева, Назгүл Кутушева баштаган студенттер Ташкент шаарында өткөн “Life Science Festival-2025” эл аралык конференциясына катышты.
Иш-чарада Айнура Сапарбаева Кыргызстандагы агротуризмдин өнүгүшү, анын айылдык секторго тийгизген таасири жана маданий мурастарды сактоодогу ролу тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле студенттер “Young Leaders Week” программасынын алкагындагы бир катар иш-чараларга катышып, билимин тереңдетүү жана эл аралык деңгээлде байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Конференцияны Англиядагы Royal Agriculture Universityнин филиалы Ташкент агрардык университети менен биргеликте уюштурган. Ага жалпы 17 өлкөдөн окутуучулар, жаштар чакырылган.
Фестивалдын алкагында маданий иш-чаралар дагы уюштурулуп, катышуучулар өз өлкөлөрүнүн маданиятын таанытуу менен катар жаңы байланыштарга жол ачышты. ОшМУнун делегациясы да кыргыз элинин маданиятын жана каада-салттарын таанытып, эл аралык деңгээлде жакшы таасир калтырды.