Гапыр Мадаминов болочок тарыхчыларга тажрыйбасы менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Гапыр Мадаминов болочок тарыхчыларга тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, новатор агартуучу Гапыр Мадаминов ОшМУнун Тарых-юридика институтунун студенттерине конок лекция окуду. Баяндама "Акыл эмгегинин маданияты" темасына арналды.

Акыркы үч жылдан бери бул сабак тарыхчы студенттердин окуу программасына киргизилгендиктен, билим алууда акыл эмгегинин маданияты өзгөчө мааниге ээ болуп келет. Ошондуктан студенттер жана институт жетекчилиги белгилүү агартуучуну атайын чакырышкан.

Гапыр Мадаминов лекция учурунда билимдин баалуулугун, өз алдынча билим алуу жана максат коюп жашоо зарылдыгын баса белгиледи. Ал санариптик коомдо акыл эмгегинин маданияты мындан ары да маанилүү болорун белгилеп, студенттерди талыкпай изденүүгө үндөдү.

Институт жетекчилиги Гапыр Мадаминов менен кызматташууну мындан ары да улантуу ниетин билдиришти. 

Фото галерея