Башкы Фото галерея

СҮРӨТ БАЯН: КЫРГЫЗ ЭНЕРГЕТИКАСЫНА 90 ЖЫЛ

22-декабрь Кыргызстанда энергетиктердин кесиптик майрамы. Кыргызстандын энергетикасы - өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп келген тармак. Бул жылдар аралыгында  тоолордун ташын жарып өткөн суулардан кубат алып, өлкөнү жарык жана жылуулук менен камсыз кылып келет. Бул фото баян тармактын, анын ичинде Оштогу электр тармагынын түптөлүшүнөн бүгүнкү күнгө чейинки доорду чагылдырып, энергетиканын маанилүү учурларын камтыйт. 

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын диспетчердик кызматы 1976-жылы ноябрь айында түзүлгөн.

Сүрөттө: 1. Бөлүмдүн башчысы В.В. Лейппи. 2. Башкы диспетчер В.Г.Рыжих.

Сүрөттө оң жакта Н.Ташанов 1989-1992-жылдар аралыгында ыкчам диспетчердик кызматтын башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылы Ош электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп дайындалган.

Сол жакта М.Г. Фаттахов 1986-1992-жылдар аралыгында диспетчер болуп эмгектенип, 1992-жылдан 2001-жылга чейин Ыкчам диспетчердик кызматтын башчысы болгон.

Сүрөттө оңдо: В.А. Окольничий 1982-2007-жылдары Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТинде диспетчер болуп эмгектенген.

Солдо: А.П. Плотнянщиков 1982-2002-жылдары Ош ЭТИнде эмгектенген диспетчер.

Ш.А. Алиев 1987-1988-жылдары (экранга жакын)

И.Д. Горохов 1987-1994-жылдары (Ош ЭТИнин электрдик байланыш схемасынын жанында)  диспетчердик кызматында эмгектенишкен.

   

Ош электр тармактары ишканасынын электр куроочулары 2024-жылдын сентябрь айында  Чоң-Алай районунда узундугу 22 км болгон 10 кВ “Жар-Башы-Жекенди” аба чубалгысын курушту.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айыл аймагында 130 даана электр тирөөчтөрү орнотулуп, 3 чакырым аба чубалгылары СИП өткөргүчтөргө алмаштырылган.

   

Ош электр тармактары ишканасынын 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунун электр куроочулары.

2024-жылдын 29-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл аймагында катуу жааган жаандан сел келип, электр мамычаларын агызып, аба чубалгыларын үзүп кеткен. Ошол эле күндүн эртеси Ноокат РЭТинин электр куроочулары калыбына келтирүү иштерин башташып, Ош, Кара-Суу жана Араван РЭТтеринин энергетиктери жумушка тартылган. Сүрөттө: Ош РЭТинин электр куроочусу.

   

Биринчи сүрөттө: Сулайман-Тоо РЭТинин электр куроочусу Раатбек Макенов. Ош шаарынын Ишкаван айылындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын жана мамычаларын орнотуу учуру.

Сулайман-Тоо РЭТинин электр куроочулары Ош шаарындагы Ишкаван айылындагы эскилиги жеткен жыгач мамычаларды темир бетон мамычаларга алмаштырышты.

   

Каракол шаары 2024-жыл. Ош ЭТИнин энергетиктери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК 10/0.4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам оңдоо персоналынын бригадалары арасында кесиптик чеберчилик конкурсунда.

Кесиптик чеберчилик конкурсунун 5-этабында Ош ЭТИнин командасы.

   

Ош электр тармактары ишканасынын Көмөк чордондор кызматы 110/35/10 кВ “Каратай” көмөк чордонунда 6300 кВА кубаттуулуктагы тарнсформаторду 10000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго жогорулатышты. 

Ош ЭТИнин жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тарабынан Анар менен каңдалган “Узловая-Ош ТЭЦ-I-II” 110 кВ аба чубалгысында темир таянычтарында чагылгандан коргоочу тросту тартуу жумуштарын жасашты.

                                                                                           Даярдаган: Н.Төштүк кызы. Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенти