ОшМУнун кызматкерлери «Ден соолук – 2026» спартакиадасында байгелүү орундарды алды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун кызматкерлери «Ден соолук – 2026» спартакиадасында байгелүү орундарды алды

Image

Ысык-Көлдө өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы жана  кызматкерлери арасында өткөн «Ден соолук – 2026»спартакиадасында Ош мамлекеттик университетинин командасы спорттун бир катар түрлөрү боюнча байгелүү орундарды багындырды.

Окуу жайдын өкүлдөрү командалык жана жеке таймаштарда жогорку даярдыгын көрсөтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:

  • 1-орун – волейбол (45 жаштан жогору, эркектер);
  • 1-орун – волейбол (45 жашка чейин, эркектер);
  • 1-орун – стол тенниси (аялдар);
  • 2-орун – стол тенниси (эркектер);
  • 2-орун – ордо;
  • 1-орун – футбол (45 жашка чейин жана 45 жаштан жогору, эркектер);
  • 3-орун – тогуз коргоол (эркектер);
  • 2-орун – стритбол (45 жашка чейин жана 45 жаштан жогору);
  • 1-орун – волейбол (45 жаштан жогору, аялдар);
  • 2-орун – волейбол (45 жашка чейин, аялдар).

Спартакиада жогорку окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ошондой эле жамааттар ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Ош мамлекеттик университетинин командасын мелдешке кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров жетектеп барды. Ошондой эле окуу жайдын жетекчилиги жана кесиптик бирлик тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлдү.

 

fotoğraf Galerisi