ОшМУнун медициналык клиникасында Кореядан келген тажрыйбалуу офтальмолог дарыгерлер бейтаптарга акысыз медициналык жардам көрсөтүп жатышат.
Жардам Vision Care эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулууда. Дарыгерлер бейтаптарды текшерип, көз оорулары боюнча консультация берип, хирургиялык операцияларды жасашат. Долбоордун алкагында 100 бейтапка катаракта, 25 бейтапка көздүн кылыйлыгы (косоглазие) боюнча операция жасоо пландалууда.
Акысыз медициналык жардам 9-октябрга чейин ОшМУнун медициналык клиникасында көрсөтүлөт. Клиника Ош шаары, Водозаборная көчөсү, 215/1 дарегинде жайгашкан.
Долбоордун максаты көз оорулары менен жабыркаган бейтаптарга заманбап диагностика жана хирургиялык жардамды жеткиликтүү кылуу болуп саналат. Ошондой эле Кореянын офтальмология тармагындагы тажрыйбасын Кыргызстандагы адистер менен бөлүшүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: ОшМУнун медициналык борборунда офтальмология багыты боюнча адистер эмгектенип, көз ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарды көрсөтүп келишет.