28-сентябрдан 7-октябрга чейин ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Түркиядагы Муш Алпарслан университетинин илимий кызматкери, социология илимдеринин доктору Адем Үстүн Чаталбаш конок лекциялар сериясын өткөрдү.
Лекциялар «Аймактык изилдөөлөр (конфликттерди изилдөө)» багытына арналды. Окумуштуу студенттерге аймактык изилдөөлөрдүн теориялык жана практикалык негиздери, конфликттерди изилдөөнүн заманбап багыттары, бул тармактагы актуалдуу маселелер тууралуу кеңири айтып берди.
Лекциялардын жүрүшүндө социалдык иштер багытында окуган студенттер менен интерактивдүү талкуулар уюштурулуп, кызыктуу пикир алмашуулар болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара студенттердин академиялык билимин кеңейтүү, аймактык изилдөөлөр менен конфликтология жаатындагы түшүнүктөрүн тереңдетүү, ошондой эле ОшМУ менен Муш Алпарслан университетинин ортосундагы илимий жана академиялык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулду.