Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин жана илим күнү менен ак дилимден куттуктаймын!
Өзүңүздөргө маалым болгондой, 10-ноябрь Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан тарта белгиленип, туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатын көздөйт.
Мугалим бул кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын интеллектуалдык көрөңгөсү, педагогикалык акыл туюму, биз менен бир доордо жашап, эртеңди көрө билген көрөгөчтүгү - асыл адам экенин айгинелеп турат.
Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинде 108 илимдин доктору, профессорлор, 2 Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттери, 20дан ашуун билим берүүгө, илимге, маданиятка “Эмгек сиңирген ишмерлер”, 475 илимдин кандидаттары, доценттер, 20дан ашуун PhD докторлор, 450гө жакын улук окутуучулар, 1500дөн ашуун окутуучулар эмгектенишет.
Ынтымактуу жамаат менен бирге, зор максаттардын үстүндө алдыга умтулуп жатабыз.
ӨЗГӨЧӨ СТАТУС
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 окуу жайга өзгөчө статус берилди. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө макамдын негизги максаты - окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө түзүү болуп саналат. Президенттин тапшырмасы боюнча жакынкы 5 жылдын ичинде биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги алдынкы университеттердин катарына кирүүбүз керек. Өзгөчө статус алган окуу жайлар үчүн академиялык, финасылык жана башкаруу саясатынын эркиндигинин берилүүсү окуу жайдын бийик максаттарын ишке ашырууга толук мүмкүндүчүлүк түзөт.
Өлкөдөгү бир топ окуу жайлар кайра түзүлүп, айрым институт, академиялар университеттерге бириктирилди. Ушул ирилештирүү саясатына ылайык түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири оку жай Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы менен бүтүндөй базасы ОшМУнун карамагына өттү. Бул мекемелердин аймагына ири курулуштарды баштап жатабыз.
ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ БЕРҮҮ
ЖАҢЫЛАНГАН ИНФРАСТРУКТУРА - ЖАГЫМДУУ АТМОСФЕРА
Өткөн окуу жыл ичинде ОшМУда 20дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү:
ОШМУ САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫН ИШКЕ АШЫРУУДА АЛДЫДА
Санарип чөйрөсүндө бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырууда:
Электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук айланма баракча, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, “ОшМУ окутуучу”, “ОшМУ студент”, “ОшМУ абитуриент” тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулуп жатат.
ОШМУ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧЕКСИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ОРДОСУ
Университеттин негизги көрсөткүчү сапаттуу бүтүрүүчү болуп саналат.
ДҮЙНӨЛҮК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯ ЖАНА РЕЙТИНГДЕРГЕ КАТЫШУУ
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 1912 окутуучу электрондук өздүк баракчага катталып, алардын 113ү балл топтоого жетишкен. Быйылкы жылы электрондук өздүк баракчанын толтурулушу көбөйүүдө.
(таблицада көрсөтүлдү)
ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ- КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ
Төртүнчү муундагы окуу жай ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ- КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ - компоненттери бирдиктүү ишке ашырышы керек. Билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, долбоорлор өндүрүшкө багытталып, жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуусу абзел.
Жаңы окуу жылынан тарта окутуунун кредиттик технологиясын толук түрдө университеттин окуу процессине киргизип жатабыз. Башкача айтканда студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт. Ошондой эле студент тандаган кредиттик сааттары үчүн эркин төлөм жүргүзүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу жүктөмдөрүн аткара алат. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этет жана академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат.
Жогорку окуу жайларга илим-изилдөө багытында өзгөчө талаптар коюлду. Ар бир изилдөө, илимий эмгектер жана долбоорлор өндүрүш менен тыгыз байланышта болуп, ЖОЖ-илим-өндүрүш компоненттери бирдикте ишке ашырылышы керек.
Окуу жайды өндүрүштүк университетке айлантуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” программасынын алкагында ОшМУда "Алдыңкы тажрыйба борбору" ачылды. Аталган долбоор Азия өнүктүрүү банкынан 1 млн. доллар гранддын эсебинен каржыланды. Борбордун 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери, программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алган. Экинчи кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер, конок лекторлор, академиялык мобилдүүлүк багытында келген студенттер үчүн конок бөлмөлөр бар. Ал эми калган бөлүгүндө студенттер үчүн жатакана жайгашкан. «Окуу-өндүрүштүк комплексттен» комплекстен даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.
Долбоордун алкагында концерттик зал, №2 жатакана толук ремонттон өтүп, керектүү материалдык-техникалык база менен камсыздалды.
Урматуу кесиптештер, мугалимдердин улуу милдети-келечек ээлерин тарбиялоо. Жан дүйнөгө билим үрөөнүн сээп, эртеңки муунга заманбап билим менен улуттук нарк-насилди жуурулуштуруп, бийик духу, тунук акылы, адамдык сапаты менен айырмаланган мекенчил кадрларды тарбиялайт деп терең ишенем.
Буга чейинки жараткан ийгиликтерибизди сактап, жаңычылдыкка, бийиктикке чогуу умтулалы.
Ар бириңиздерге бакубат жашоо, иштериңиздерге чыгармачыл изденүү, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ырыскы-бакыт каалайм.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Ош МУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков