Чакан редакция көп жаштар үчүн чоң журналистикага аттанткан жай болуп калды.....

Башкы Жаңылыктар

Чакан редакция көп жаштар үчүн чоң журналистикага аттанткан жай болуп калды.....

Image

Эрнист Нурматов – "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы:

2009-жылы редакторлук милдет мойнума илинди

2006-жылы айылыбыздагы мектепте Жалпы республикалык тесттен эң жогорку балл алдым. Башкалар балким кайсы бир престиждүү адистикти тандап, ошого кетет деп ойлосо керек. Менин көңүлүм журналистикага гана тартып туруп алды. Ошентип экинчи борбор калаадагы Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигин тандап, тапшырдым. Ошол жылы анда бюджеттик орун аз экен эле, кийинки жылдан такыр жоюлуп да кетти. Менин тестим бюджетке өтпөй калды, жогору упайы барлар алып кетти. Ага карабай мен ошол эле жерге тапшырып, келишимдик негизде билим алып калдым.

Жайда окууга тапшырып коюп, жайлоодо жүрүп, сентябрдын ортолорунда университетке келдим. Тайпалаштарым менен таанышып, журналистика жөнүндө жалпы сабак ала баштадым. Университеттин өзүндө радио, телестудия, гезит бар экенин мурдатан билчүмүн. Балким ага чейин көркөм адабияттарды көбүрөөк окуп жүргөнгөбү, айтор гезит тармагы мени көбүрөөк тартып турду. “Нур” гезитинин сентябрдагы санын окуп, андан бетер кызыгып калдым. Ар бир факультетте гезиттин кутучасы болор эле, ошого бир куплет ыр жазып салып койдум. Ноябрдагы санда каттар рубрикасында ошол ырым, аты-жөнүм менен жарык көрүптүр. Гезит чыккан күнү сабакка кирсем эле, тайпалаштарым кол чаап тосуп алып жатышат. Көрсө ошол бир куплет ырым гезитке чыкканына суктанып, мени кубаттап жатышкан экен. Баёо мезгилибиз да. Биз үчүн гезитке, телеге же радиого иштөө ошончолук баалуу сезилсе керек эле. Ошол күндөн тартып, мен гезитке каттай баштадым.

ОшМУнун азыркы окуу иштери боюнча проректору, биздин айылдан чыккан Замир Божонов илгери “Нур” газетасында иштеп, анча-мынча чыгарылыштарын мектебибизге алып келип, таратчу. Ошондон да бул гезит тууралуу билчүмүн. Божонов агабыз кийин “ЦивИнДем” деген гезит чыгарып, Тоготойдогу биздин муун үчүн өзүнчө легенда болчу. Мен алгач келген маалда гезитте Керимбек Калыкулов башкы редактор болуп калган. Биз болгон нерсенин баарын ошо Керим акеден үйрөндүк, ал менин биринчи устатым болуп калды. Керим аке ошол тушта Ыдырыс Исаков, Жанар Акаев, Асанбек Каракозуев, биздин муундан Арген Нуров, Кайрат Жапаров, Акылбек Орозматов, Азамат Абсаттаров, мен баштаган бир нече жаштардын башын бириктирип, ар бирибиздин журналист катары калыптанышыбызга салым кошту.

Мен алгач гезитте кадимки кат ташыгыч болуп жүрдүм. Керим аке колубузга биртке тыйын-тыпыр берет, маршрутка түшүп алып, факультеттердеги кутучалардан каттарды чогултабыз. Келип, аларды сорттоп, анан компьютерге теребиз. Өзүбүзчө эле студенттердин каттарына редакторбуз. Түн бир оокумга чейин калып, интернет чукулайбыз. Анан кол арага жарап калганыбызда Керим аке кошумча тапшырмаларды бере баштады. Майда-чүйдө темаларды жазабыз, кээде түзүгүрөөк бирдеме жазабыз, ыр шилтейбиз, пародияларды келтиребиз. Айтор, бир эсе студенттик ышкыбоз, оюнкараак мезгилди, бир эсе кесиптик тепкичтин баштапкы этаптарын басып жаткан маалыбыз экен.

Анан Керимбек Калыкулов “Нур” гезити менен чогуу “Үмүт” телестудиясын да жетектеп калды. Мыкты менеджер кишиге окуу жайда кошумча милдеттер да жүктөлдү. Иш-чараларды уюштуруу жана башка нерселер менен да кошо чуркап жүрчү. Колумдан бирдеме келип калса керек, гезиттеги басымдуу ишти мага тапшырды. Жаңылбасам 2008-жылдын аяктарында, болбосо 2009-жылдын баштарында редактордун орун басары болуп, жалпы материалдарды даярдоо, редактирлөө, кабарчыларды жумшоо менин мойнума илинди. Гезит даяр болуп калган маалда Керим аке текшерип, бир сыйра көздөн өткөрүп, алымча-кошумчалап, басмага жөнөтчү. Ошол тушта мен көшөгөнүн артындагы реалдуу өндүрүштүк машакат менен тааныштым.

Гезитте бир-эки эле штат бар, калган кабарчылардын баары ыктыярчылар. Кызыгышат, бирок жаза албайт. Келип-кетип жүргөндөр бар, ортодо жоголуп кетишет. Материал берсе да, каалаган маалда кыска нерселерди жазып беришет. Айтор 8 беттик гезитке иш жүзүндө бир-эки киши гана чуркап калат экен. Ошентип ары чулганып, бери чулганып атып, гезиттин материалдарын даярдап бүтөсүң.

Oktom Times аттуу шрифтти ойлоп тапкан Өктөм Жакыпов аттуу программист, окуу жайда окутуучу болуп иштеген киши гезитти дизайн кылып берет. Материалдар даяр болгондон кийин Өктөм акеге барабыз. Жумушта убактысы кайдан, ага Ак-Тилектеги үйүнө кечинде барабыз. Көбүнчө материалдарды алып калып өзү деле жасай коёт, бирок биз негедир гезит чыгарга аз калганда дизайнерге барчубуз. Көбүнчө Өктөм акенин жанында отуруп алып, жасатабыз. Ал бош болбой калганда өлдү дей бер. Ошто саналуу эле киши дизайн кылат, флешканы көтөрүп алып, жалдырап жүрөсүң. Эсимде бир ирет гезит эртең чыгыш керек деген күнү, дизайнердин жумушунда таңкы саат бешке чейин отуруп, жасатып чыккам.

Ошентип жүрүп, 2009-жылы окуу башталган маалда биз, студенттер окуу акысынын, жатакананын акысынын кымбатташына нааразылык билдирип, митинг уюштуруп калдык. Аныбыз республика боюнча чуу болуп, соңунда мен гезиттен кетүүгө туура келди. Андагы окуялар өзүнчө узун сөз. Эгер кыска айтсам, аз убакыттан кийин кайрадан башкы редакторлук сунушталды. Мен макул болуп, студенттик редакцияда ишимди кайра уланттым. Редакциядагы жамаат менен Оштогу, Бишкектеги бир нече университеттерди кыдырып, алардын студенттик гезиттерин көрүп чыктык. Айрымдары ошол маалда эле түстүү формага өтүп калган экен, “Манас” университетинин гезити болсо китеп сыяктуу калың кагазга чыгарын көрдүм. Гезиттин атынан Бишкекте, Ысык-Көлдө бир катар тренингдерде болдум.

Көргөндөрбүздүн, билгендерибиздин баарын биз да ишке ашырып, гезитти түстүү, сапаттуу кылууга аракет кылдык. Бирок анын көбү кийин гана ишке ашты. Мен 2010-жылкы апрель окуяларында Оштогу митингдерге аралаша коюп, кайрадан кызматтан кеттим. Өзүм болсо төртүнчү курста окуйм. Азыркы “Биринчи радио” ошол маалда “Кабарлар” радиосу деп өзгөрүп, кайра уюшулган маалы эле, кабарчы издеп жүрүшүптүр, ошого кирип кеттим. Анда бир-эки ай иштеген соң “Азаттык” радиосуна жумушка өттүм. “Азаттыкта” 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ошто кабарчы болуп, 2017-жылдан бери Бишкектеги бюродо кабарчы болуп жүрөм. 2021-жылы ротациялык тартипте Прагадагы башкы кеңсеге келгем.

“Азаттык” радиосу менин журналист катары калыптанышыма абдан чоң таасир этти. Эл аралык стандарттарды, жазуу ыкмаларын, чеберчилик сырларын, айтор мында баарын үйрөндүм. Бирок “Нур” гезити менин кесиптик пайдубалым болуп калды. Ал менин журналистикадагы тушоомду кести. Анда мен журналистиканын алиппесин өздөштүрдүм. Чакан редакция мен жана мендей болгон көп жаштар үчүн чоң журналистикага аттанткан жай болуп калды. Биз гезитте бир эле кабарчылыктын жолун эмес, киши менен мамиле кылууну үйрөндүк. Жашоонун оор-жеңилин да ушул жерден татып, агарып-көгөрүүбүз ушул “Нур” гезитинен башталды.