15–22-апрелде Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун төрт окутуучусу Мирзо Улугбек атындагы Ташкент улуттук университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы менен иш сапарда болушту.
Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу концепциясы кафедрасынын доценти Зувайда Шербаева, улук окутуучулар Умида Исакова, Роза Шаимкулова, педагогика кафедрасынын профессору Талант Матикеев география адистигинин студенттерине лекция окушту.
Мындан тышкары ОшМУнун 15 студенти да Ташкентте академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп келди. Алар аталган шаардын географиясы, жаратылышы, экономикасы жана эс алуу жайлары менен жеринен таанышты.
Бул иш сапар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусу үчүн уюштурулду.
Мирзо Улугбек атындагы Ташкент улуттук университети 1918-жылы ачылган. Борбор Азиядагы эң байыркы окуу жай. QS дүйнөлүк рейтингинде 721–730-орунда турат жана ТОП-1000 университеттердин катарына кирет.