Ош мамлекеттик университетинде өткөн Эл аралык йога күнүнө арналган иш-чарага 200дөн ашуун йога сүйүүчүлөрү катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө уюштуруучулар йоганын адамдын ден соолугуна тийгизген оң таасири, анын стрессти азайтуудагы, дене тарбияны жакшыртуудагы жана сергек жашоо образын калыптандыруудагы ролу тууралуу маалымат беришти. Катышуучулар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги алдында ар кандай йога көнүгүүлөрүн жасап, дем алуу техникаларын өздөштүрүштү.
Иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу, ден соолукту чыңдоо максатында ОшМУ менен Индиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан демилгеленди.
Эл аралык йога күнү жыл сайын 21-июнда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгиленип келет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 2014-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө йога сергек жашоону, дене жана жан дүйнө гармониясын даңазалаган дүйнөлүк кыймылдардын бири болуп саналат.