ОшМУнун окумуштуулары Нарында илимий-өндүрүштүк семинарларды өткөрүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окумуштуулары Нарында илимий-өндүрүштүк семинарларды өткөрүштү

Image

20–24-сентябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары Нарын облусунунун айрым райондорунда  илимий-өндүрүштүк семинарларды өткөрүштү.

«Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана тоо экосистемаларын климаттык өзгөрүүлөр шартында сактоонун көйгөйлөрү» темасындагы семинарлар Кочкор, Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда өттү.

Жолугушуулардын негизги максаты илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөө, аймактардагы актуалдуу көйгөйлөрдү илимий-практикалык негизде талкулоо, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практикада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо болду. Семинарлар төмөнкү долбоорлордун алкагында уюштурулду:

  • «Азык-түлүк коопсуздугу» — долбоор жетекчиси доцент Элмурат Обдунов;
  • «Инновациялык питомник» — долбоор жетекчиси доцент Абдижапар Аккулов;
  • «ОшМУнун Ботаникалык багына павловниянын сортторун интродукциялоо, анын биологиялык жана экологиялык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөө» — долбоор жетекчиси Венера Эрматова;
  • «Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында жасалма мөңгүлөрдү түзүүнүн геодезиялык жана геодинамикалык шарттарын изилдөө» — долбоор жетекчиси доцент Динара Абжапарова;
  • Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланып, ТооЭкоКонсалтинг Борбору тарабынан аткарылып жаткан «Жер көчкүлөрдөн деградацияланган кыртышты калыбына келтирүү: климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн токой мелиорациялык иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо» долбоорунун жетекчиси Абдижапар Аккулов.

Семинарларда климаттык өзгөрүүлөрдүн Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөргө тийгизген таасири, айлана-чөйрөнүн абалы, аба, суу жана жер ресурстарынын деградациясы, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүн сактоо, азык-түлүк коопсуздугун сактоо, климаттык миграция маселелери талкууланды. Мындан тышкары тоо-кен өнөр жайынын географиясы, мөңгүлөрдү изилдөө, аймактар аралык жол куруудагы геодезиялык маселелер жана башка актуалдуу илимий багыттар боюнча баяндамалар жасалды. 

Окууларга Өзбекстандын  Ташкент улуттук университетинин өкүлдөрү – профессор Мирали Миркамалов, доцент Мухриддин Махсуд уулу катышып, географиялык изилдөөлөрдө колдонулуп жаткан заманбап методдор тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы илимий байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен изилдөөлөрдү күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Практикалык бөлүктө Ош шаарындагы №35 Ж. Атабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин география мугалими Мелисбек Тургунбаев жана тажрыйбалуу багбан Жармат Чөнөев экологиялык аң-сезимди калыптандырууда практикалык иштердин, тажрыйба алмашуунун маанисине токтолушту. Катышуучулар лекторлорго суроо берип, илимий-теориялк билимдерди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу боюнча сунуш айтышты. 

Окуулар университеттин стимул берүүчү гранттарынын эсебинен каржыланган жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан колдоого алынган илимий долбоорлордун алкагында уюштурулду. Жыйынтыгында илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү, илимий жетишкендиктерди аймактарда практикага киргизүү, тажрыйба алмашууну кеңейтүү маанилүү экени айтылды. Мындай семинарларды, тегерек столдорду жана жолугушууларды аймактарда үзгүлтүксүз өткөрүү илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болору белгиленди.

 

fotoğraf Galerisi