Актөбө университетинин окутуучулары ОшМУнун студенттерине конок лекция өтүштү

Anasayfa Haberler

Актөбө университетинин окутуучулары ОшМУнун студенттерине конок лекция өтүштү

Image

16–28-ноябрь күндөрү Орхун алмашуу программасынын алкагында Казакстандын К. Жубанов атындагы Актөбө аймактык университетинин казак тили кафедрасынын окутуучулары ОшМУда болушту.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында келген окутуучулар кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттерине конок лекцияларды өтүп, өздөрүнүн илимий, окутуучулук тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Жолугушууларга Актөбө университетинин PhD докторлору Анар Абдуллина, Гүлнара Обаева жана филология илимдеринин доктору, профессор Жанна Тектигул катышты.

Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы байланышты чыңдоого, окутуучулар, студенттер арасында тажрыйба алмашууга, кыргыз жана казак филологиясы багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.

Орхун алмашуу программасы Түрк мамлекеттер уюмунун алдындагы Түрк университеттер бирлигине кирген жогорку окуу жайлардын студенттери менен окутуучуларына башка өлкөлөрдө билим алууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

fotoğraf Galerisi