ОшМУда КМШ өлкөлөрүндөгү жаш кинематографисттердин “Сулайман-Тоо” кинофестивалы өтөт

Башкы Окуялар

ОшМУда КМШ өлкөлөрүндөгү жаш кинематографисттердин “Сулайман-Тоо” кинофестивалы өтөт

Image

Фестивалдын багыты

Эркин тема жана заманбап тарбия берүүнүн, 

мектептин, балдардын көйгөйлөрү

жана алар менен күрөшүү.

Байланыш:

E-mail: janishbek@gmail.com 

Телефон: +996 552322002  +996 772156359

Анкетаhttps://drive.google.com/drive/folders/15veRbT5_Xl7u8tdp4tDBY5FVsCuPoj8k

СУЛАЙМАН-ТОО” КИНОФЕСТИВАЛЫН ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. «Сулайман-Тоо» кинофестивалы Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

1.2. Фестивалдын уюштуруучулары:

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти;

• Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Педагогика, искусство жана журналистика институту (киноакадемия багыты);

1.3. Фестивалдын максаты – КМШ өлкөлөрүнүн жаш режиссерлору менен сценаристтеринин кинематографиялык өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү;

1.4. Фестиваль жыл сайын өткөрүлүп, май айында өткөрүлөт;

1.5. Фестивалдын иш тили – кыргыз жана орус тилдери.

2. Фестивалдын максаттары жана милдеттери

2.1. КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин арасында кино искусствосун жайылтуу;

2.2. Жаңы баштаган жана кесипкөй кино ишмерлеринин тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча түзүү;

2.3. Таланттуу режиссерлорду, сценаристтерди, операторлорду жана продюсерлерди аныктоо жана колдоо;

2.4. Региондун маданий мурасын сактоо жана жайылтуу;

2.5. Кинематография жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;

3. Катышуу шарттары

3.1. Фестивалга 40 жашка чейинки КМШ өлкөлөрүнүн жарандары катыша алышат (арыз берген учурда);

3.2. Төмөнкү категориялардагы тасмалар кабыл алынат:

• Кыска метраждуу көркөм тасма (узактыгы 30 мүнөткө чейин);

• Документалдык тасма (узактыгы 30 мүнөткө чейин);

• Анимациялык тасма (узактыгы 30 мүнөткө чейин);

• Эксперименталдык кино (узактыгы 30 мүнөткө чейин);

3.3. Тасмалар фестиваль өткөрүлгөнгө чейинки эки жылдан кеч эмес мөөнөттө тартылган болушу керек;

3.4. Фестивалга катышуу акысыз;

3.5. Тасмалар төмөнкү форматта сунушталат: MP4 (H.264), MOV же DCP, минималдуу чечими 1080p.

3.6. Улуттук тилдерде диалогдор бар болсо, орус тилиндеги субтитрлер кошулушу зарыл.

3.7. Тасмалар зордук-зомбулукту, экстремизмди, этностук жана диний дискриминацияны пропагандалаган учурларда фестивалга кабыл алынбайт.

4. Арыз берүү тартиби

4.1. Катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

• Катышуучунун толтурулган анкетасы;

• Фильм (жүктөө үчүн шилтеме);

• Тасманын кыскача аннотациясы (300 сөзгө чейин);

• Промо-материалдар (афиша, фильмден кадрлар, трейлер);

4.2. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү – 25-апрелге чейин. Катышуучулар арыздарын фестивалдын janishbek@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүшү керек;

4.3. Тандалып алынган тасмалардын авторлору 5-майга чейин кабарланат.

5. Фестивалдын программасы

Фестиваль 12-14-майда  3 күнго созулат жана төмөнкү иш-чараларды камтыйт:

• 1-күн: Фестивалдын ачылышы, кинопоказдар (1-бөлүк), расмий сый-тамак;

• 2-күн: Мастер-класстар, кинопоказдар (2-бөлүк), Ош шаары боюнча экскурсия, панелдик талкуулар, атайын кинопоказдар;

• 3-күн: Конкурсанттардын финалдык кинопоказдары, режиссерлор менен талкуу. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо, жабылыш аземи, расмий кечки тамак.

6. Калыстар тобу жана баалоо критерийлери

6.1. Калыстар тобу КМШ өлкөлөрүнүн кесипкөй кино ишмерлеринен, кино сынчыларынан жана кино мектептердин окутуучуларынан турат.

6.2. Тасмалар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

• Идеянын өзгөчөлүгү;

• Режиссерлук чеберчилик;

• Кинематографиялык сапат (операторлук иш, монтаж, үн);

• Коомдук жана маданий маанилүүлүк;

• Элдердин достугун, маданий жана этностук салттарды сактоо.

7. Байгелер жана сыйлыктар

7.1. Жеңүүчүлөр төмөнкү сыйлыктарды алышат:

• Гран-при «Сулайман-Тоо» – статуэтка жана акчалай сыйлык;

• Мыкты кыска метраждуу тасма – статуэтка жана акчалай сыйлык;

• Мыкты документалдык тасма – статуэтка жана акчалай сыйлык;

• Мыкты режиссура – статуэтка жана акчалай сыйлык;

• Эң мыкты сценарий – диплом жана акчалай сыйлык;

• Мыкты операторлук иш – диплом жана акчалай сыйлык;

• Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүк сыйлыгы – диплом жана акчалай сыйлык;

• Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер Союзунун атайын сыйлыгы – диплом;

• Ош мамлекеттик университетинин атайын сыйлыгы – диплом;

• Ош шаарынын мэриясынын атайын сыйлыгы – диплом;

7.2. Уюштуруучулар кошумча номинацияларды киргизүүгө укуктуу.

8. Каржылык шарттар

8.1. Фестивалга катышуу акысыз.

8.2. Уюштуруучулар төмөнкүлөрдү камсыздайт:

• Конкурсанттардын жол кире чыгымдарын төлөп берет;

• Фестивалдын конкурсанттары үчүн түнөк жай менен камсыздоо;

• Тамак-аш (эртең мененки жана кечки тамак);

• Шаар ичиндеги транспорттук чыгымдар;

• Ош шаары боюнча экскурсия.

9. Автордук укуктар жана макулдашуу

9.1. Катышуучу фестивалга арыз берип жатып, тасманын автору (же автордун өкүлү) экенин жана аны көрсөтүү укугуна ээ экенин тастыктайт;

9.2. Уюштуруучулар фестивалды жарнамалоо максатында тасмадан үзүндүлөрдү (1 мүнөткө чейин) жана кадрларды колдонууга укуктуу;

9.3. Фестивалга келбеген жеңүүчүлөргө сыйлыктар почта аркылуу жөнөтүлбөйт, бирок аларды алты айдын ичинде фестивалдын уюштуруу комитетинен алып кетүүгө болот.

10. Байланыштар

Дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ош мамлекеттик университети, Педагогика, искусство жана журналистика институту (КИНОАКАДЕМИЯ)

E-mail: janishbek@gmail.com

Телефон: +996 552322002  +996 772156359