Студенттик кеңеш

Студенттерге Студенттик кеңеш

Студенттик кеңеш

Ош мамлекеттик университетинин студент-жаштарынын өзүн-өзү башкаруу структурасы – Студенттик кеңеш болуп саналат.  ОшМУнун студенттик кеңеши мамлекеттик жана ОшМУнун жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы жаштардан турган структуралык түзүм болуп эсептелет. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү указынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, ОшМУнун  уставына, тарбия концепциясына, ОшМУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан талкууланып, ректор тарабынан бекитилген (24.03.2020) “Ош мамлекеттик университетинин студенттик кеңеши жөнүндөгү” жобого жана башка нормативдик укуктук актыларга таянып иш жүргүзөт. Кеңеш Республикалык аткаруу жана жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук жана өкмөттүк эмес жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иш алып барат.

Студенттик кеңештин структурасы

Студенттик активдер коомубул ар бир факультеттин студенттик кеңеши жана декандын/директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары сунуштаган активист студенттерден түзүлгөн коом. Алар студенттер арасында жаралган көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууга, аларды чечүү жолдорун талкуулоого, чечимдерди сунуштоого, университеттин студенттик кеңешинин ишине баа берүүгө катышышат. Студенттердин атынан студенттик кеңешке жана университеттин жетекчилигине сунуштарды, кайрылууларды жасашат.

Студенттик кеңеш тарабынан аткарылган долбоорлор жана иш-чаралар

ОшМУнун студенттеринин арасында корпоративдик маданиятты калыптандырууга, студенттерди билим алууга, өз алдынча өсүп-өнүгүүсүн мотивациялоого багыт берген салттуу иш-чаралар университеттин ар бир институтунда, факультеттеринде, колледждеринде жүргүзүлүп келет. Ар бир иш-чаранын жобосу, программасы иштелип чыгарылат. Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү иштери студенттер тарабынан жүргүзүлөт.

Студенттик кеңеш тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор:

  • “ОшМУдан кат” теледолбоору;
  • “ОшМУ студенттерге” долбоору;
  • “Жаш илимпоз” долбоору;
  •  “Жетекчи менен бир саат” долбоору;
  • “Пикир ордо” теледолбоору;
  • “Лидердик мектеп” долбоору.

Студенттик кеңеш тарабынан уюштурулуп жаткан салттуу иш-чаралар:

 

Иш чаранын аталышы, мазмуну

Өткөрүү узактыгы

1

“Акыл таймаш” факультеттер аралык интеллектуалдык оюну

ай сайын

2

“Онлайн кроссворд” интеллектуалдык онлайн оюну

ай сайын

3

Актуалдуу темаларда түрдүү “Челлендж” видеолорду жасоо

актуалдуулугуна жараша

4

Ректордун кубогуна Ош шаарынын ЖОЖдору арасында “Акыл таймаш” оюну

бир жылда бир жолу

5

Инстаграмм аркылуу түрдүү сурамжылоо

актуалдуулугуна жараша

6

Эксперттер, белгилүү инсандар менен мотивациялык жолугушуулар

жыл ичинде 10дон ашуун

7

Студенттик кеңештин инстаграмм баракчасына студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды жайгаштыруу

ар дайым

8

Студенттик бий кечеси

жылына эки жолу

9

Автордук кечелер

актуалдуулугуна жараша

10

Илим изилдөөгө жана кесипке багыт берүүчү иш чаралар

11

Студенттик дебат

ай сайын

12

Волонтердук иштер. Ишембиликтер, карылар үйүнө, балдар үйүнө жардамдар, Ош шаарындагы “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине жардам

жыл ичинде

13

ОшМУга экскурсиялар (конокторду, абитуриенттерди тосуп алуу, ОшМУнун ишмердиги менен тааныштыруу)

зарылчылыгына жараша жыл ичи

Ош мамлекеттик университетинин студенттик кеңешинин төрагасы:  Кенжеев Токторбай Абдырахманович 

Байланыш номерлери: 0558053405 0755060804