ОшМУ  “Мурас Юнайтед” менен тең чыкты 

Башкы Окуялар

ОшМУ  “Мурас Юнайтед” менен тең чыкты 

Image

30-мартта Манас шаарында өткөн футболдук беттеште Ош мамлекеттик университетинин командасы “Мурас Юнайтед” клубу менен тең чыкты.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 40-мүнөтүндө атаандаш команда Олег Марчуктун голу менен эсепти ачып, 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды.

Экинчи таймда ОшМУ командасы оюнду жандандырып, чабуулдарын күчөттү. 91-мүнөттө Асылбек Айсаров бурчтан топ узатып, Андрей Сидоров башы менен таамай сокку жасап, эсепти 1:1ге жеткирди. Жыйынтыгында беттеш тең чыгуу менен аяктап, Андрей Сидоров оюндун эң мыкты оюнчусу деп табылды.

Алдыда ОшМУ командасын төмөнкү оюндар күтөт:

5-апрель (5-тур) – ОшМУ – Бишкек Сити

19-апрель (7-тур) – ОшМУ – Барс

25-апрель (8-тур) – Абдыш-Ата – ОшМУ

1-май (9-тур) – ОшМУ – Дордой

17-май (10-тур) – Талант – ОшМУ

22-май (11-тур) – ОшМУ – Токтогул

31-май (12-тур) – ОшМУ – Өзгөн

12-июнь (13-тур) – Алай – ОшМУ

20-июнь (14-тур) – ОшМУ – Илбирс

27-июнь (15-тур) – Нефтчи – ОшМУ

Учурда команда алдыдагы беттештерге даярдык көрүп, турнирдик абалын жакшыртууну максат кылууда.

 

Фото галерея